Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Баткен облусундагы курулуштар жарым-жартылай бүтүп калды


Баткен облусундагы Максат айылында курулуп жаткан үй.
Баткен облусундагы Максат айылында курулуп жаткан үй.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган 5 мектеп, 2 бала бакча жана 1 ФАПты куруу жана капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бердимурат Жалилов билдирди.

Сегиз объектини курууга жана капиталдык ремонттон өткөрүүгө 250 млн. сом каралган, учурда 150 млн. сому каржыланган.

Курулуп жаткан объектилер:

Ак-Сай айылындагы Хожаев атындагы мектеп, Ак-Сай айылындагы ФАП, Кызыл-Бел айылындагы 225 окуучуга ылайыкталган мектеп, Максат айылындагы мектеп (капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө). Борбордук айылындагы 225 окуучу орундуу мектеп, Маргун айылындагы 225 окуучу орундуу мектеп, Кулунду айылындагы 140 орундуу бала бакча, Интернационал айылындагы 100 орундуу бала бакча.

Архитектура агенттиги куруу-калыбына келтирүү жумуштары эки нөөмөт менен аткарылып жатканын билдирди. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG