Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

Журналисттин сөзү, УКМКнын сурагы


Асланбек Сартбаев
Асланбек Сартбаев

"Азия Ньюс" гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев 9-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине төрт саат сурак берип чыкты. Бул тууралуу анын жакындары 10-августта билдирди.

Кылмыш ишинин чоо-жайы, мэрдин ишине карата сын

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 7-августта Сартбаевге кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Ал Кылмыш кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактык кастыкты козутуу") боюнча айыпталып жатат. Атайын кызматтын кыска билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

""Азия Ньюс" басылмасынын башкы редактору Асланбек Сартбаев интернетке жарыялаган материалда аймактар аралык кастыкты козутуу белгиси бар, же жогун аныктоо үчүн экспертиза дайындалды”.

Сартбаев "Фейсбуктагы" баракчасына Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовдун иш бөлмөсүндө кол алдындагы кызматкерлери менен сүйлөшүп отурган сүрөтүн өзүнүн комментарийи менен жарыялаган.

Анын сөзү соцтармактын айрым колдонуучуларынын нааразылыгын жаратып, "трайбалисттик пикири үчүн" жазалоону талап кылгандар болууда.

Сартбаев кийин "Фейсбуктагы" пикирин өчүргөн. Ал 9-августта кечке жуук атайын кызматка суракка чакырылганы белгилүү болду. Журналистти 9-август күнү саат 17:00гө УКМКга күбө катары көрсөтмө берүүгө чакыруу кагазын "Фейсбукка" жарандык активист Адил Турдукулов жарыялады. Айрым маалымат каражаттары Сартбаевди атайын кызматтын адамдары аны үйүнөн алып кетишкенин жубайына таянып жазып чыгышты.

Сартбаевди суракка чакырган кагаз
Сартбаевди суракка чакырган кагаз

Асланбек​ Сартбаев анын алдында "Азаттыктын" кабарчысы менен маегинде өзүнө кылмыш иши козголгонун интернеттен укканын, атайын кызмат азырынча байланышка чыга электигин айткан:

“Эгер кимдир бирөөнүн сезимине, намысына тийип алган болсом, анда элден кечирим сурайм. Мага эмоциядан улам эле кылмыш иши козголду деп турам. Сүйлөгөн сөзүмдө аймактар аралык кастыкты козутуунун белгилери жок деп эсептейм”.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссиянын мүчөсү Толкунбек Турдубаев журналист сөз эркиндигин кыянат пайдаланбашы керек деп эсептейт:

"Коомдун ар бир мүчөсү ой-пикирин билдирүүгө укуктуу. Бирок сөз эркиндигин кыянат пайдаланууга болбойт. Айрыкча, журналисттин, медиа өкүлдөрүнүн социалдык желеге жазган пикирлери, сүйлөгөн сөздөрү коомдук пикирди жаратууда зор роль ойношу толук мүмкүн. Адамдын, коомдун эркиндигине, аймактык бөлүнүүгө жем таштабаш керек. Бирок мамлекеттик органдар мындай жагдайды териштирүүдө сөз эркиндигине доо кетирүүгө жол бербеши зарыл. Кыргызстандык журналисттердин Этикалык кодекси бар. Анын биринчи беренесинде эле журналист Кыргызстандын элинин ынтымагына доо кетирбеши керектиги так жазылган. Социалдык медиа өнүккөн азыркы заманда бул эрежени макала-баяндарда гана эмес, күнүмдүк турмушта да, кандайдыр бир пикир билдирүүдө да сактоого тийишпиз".

"Журналист сөз эркиндигинен аша чаппашы керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:11 0:00
Түз линк

Өткөн жумада Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарынын, ал эми Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бул дайындоолор коомчулукта чоң талкууну жаратууда. Журналист Сартбаев мэрди сындаганын мындайча түшүндүрдү:

"Мен болгону Сарыбашовдун дайындалышына каршы пикиримди билдирдим. Буга чейин Сарыбашовду, Камчыбек Ташиевди дагы сындап жүргөм. Ал киши менден өч алуу үчүн ушундай кадамга барып жатат дегенге ишенгим келбей турат. Сарыбашев Ошто кыйратып иштеген эмес. Улам-улам ката кетирген мэрди Бишкекке алып келүү - акылга сыйбаган көрүнүш да".

Ал эми мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Сарыбашовдун Бишкекке келишин төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

“Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри кызмат ордунда тургандагы ишмердигинин натыйжаларын эске алуу менен, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин ротациялоо саясатынын алкагында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызмат ордуна келип отурат”.

Буга чейин Асланбек Сартбаев жетектеген "Азия Ньюс" басылмасын сотко берген аткаминерлер да болгон.

Былтыр мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев "Азия Ньюс" гезитине каршы доо арыз жазган. Сот анда 300 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. Андан мурдараак «Азия Ньюсту» мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да сотко берип, басылма миллион сом доого жыгылган. Мындан тышкары гезит Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаев менен да соттошуп, ага 15 миң сом төлөй турган болгон.

Мэр шайлоодогу талкуу

Мыйзам боюнча, мэрликке талапкерди Министрлер кабинетинин төрагасы, шаардык кеңештеги фракциялар, коалиция сунуштап, мэрди шаардык кеңештин депутаттары жашыруун добуш берүү жолу менен шайлайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош жана Бишкек шаарынын мэрин шайлоону 26-августка дайындады. Бишкек шаардык кеңештеги алты партиянын ичинен “Эмгек”, “Ата Журт -Кыргызстан”, “Ишеним”, “Өнүгүү-Прогесс” партиялары көпчүлүк коалицияны түзүп, “Ынтымак” жана “Социал-демократтар” оппозицияда калган эле. Шаардык кеңештеги 45 мандаттын 33ү көпчүлүк коалицияга туура келет. Мэр болуш үчүн жок дегенде 23 депутаттын добушун алуу кажет.

“Социал-демократтар” менен депутат болгон Илгиз Шаменов Сарыбашовдун дайындалышы көпчүлүк коалициянын планын бузганын айтып жатат.

“Жаңы түзүлгөн коалиция башка талапкер чыгарууну пландап жатышкан. Бирок алардын ой максаттары ишке ашпай калды. Себеби Садыр Жапаровдун сунушу менен Таалайбек Сарыбашев сунушталып калды. Менин оюмча, ушул кишинин эле мэр кылып шайлап беришет. Анткени көпчүлүк коалицияда бийликтен көз каранды, коркок депутаттар келди да. Алар өз алдынча талапкер сунуштоо менен президентке каршы чыга алышпайт. Жакында шаардык кеңештин жыйыны болот. Ошондо Сарыбашев менен таанышабыз. Эгер анын программасы жакпаса, анда биздин партия каршы турабыз”.

Бишкек шаардык кеңештеги алты партиянын ичинен “Эмгек”, “Ата Журт -Кыргызстан”, “Ишеним”, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары көпчүлүк коалицияны түзүп, “Ынтымак” жана “Социал-демократтар” оппозицияда калган эле. Шаардык кеңештеги 45 мандаттын 33ү көпчүлүк коалицияга туура келет. Мэр болуш үчүн жок дегенде 23 депутаттын добушун алуу кажет.

Бишкек шаардык кеңештен беш мандат алган “Ынтымак” фракциясынын лидери Казыбек Эргешов оппозиция талапкер алып чыкпай турганын билдирип, себебин мындай түшүндүрдү:

“Биз мэрлик кызматка талапкер сунуштаган күндө деле өтпөйт да. Анткени көпчүлүк коалиция колдобойт. Анын үстүнө мэрдин милдетин аткарып жаткан Таалайбек Сарыбашов тажрыйбалуу адис. Буга чейин Ош шаарын жетектеп келди. Жакынкы күндөрү шаардык кеңештеги азчылыктын жыйыны болот. Ал жерден Сарыбашовдун талапкерлигин колдоп коюшубуз толук мүмкүн. Бир жуманын ичинде белгилүү болот”.

Президенттин администрациясы жогору баа берген Таалайбек Сарыбашов 2015-жылы өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Ага чейин Алай районунун акими болчу. 2018-жылы болсо Ош шаарынын мэри кызматына жалгыз талапкер болуп, 44 депутаттын колдоосу менен калааны башкарып калган. Буга чейин анын кош жарандыгы бар экени жана диплому жасалма экени айтылып келген. Бирок бул маалыматтарды Сарыбашов өзү четке кагып келе жатат.

Жарандык активист Мирлан Орозбаев Ош шаарында Сарыбашевдин борбор калаага которулушун мындай жоромолдоп жатат:

“Таалайбек Сарыбашов мурдагы бийликтин ишенимдүү кадры болчу. Бийлик алмашкандан кийин аны кызматтан кетирүүнү талап кылгандар, сын айткандар көбөйдү. Жаңы бийлик Сарыбашовду кызматтан кетирейин десе, жакында өткөн шайлоодо ал жакшы кызмат кылып берди. Мунун негизинде бийлик Сарыбашовду Оштон кетирди. Бирок шайлоодо эмгеги өткөн адамды көчөгө таштап кое албайт эле. Мындай адамдар ар дайым керек. Ошол үчүн Бишкек шаарына алып келишти. Ал кызматтан көтөрүлбөй, буга чейинки жокко чыккан шайлоо үчүн жооп бериши керек болчу”.


Ал эми Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Мирлан Аматбеков Сарыбашов шайлоо алдында берген убадаларын аткарган жок деп эсептейт.

“Сарыбашов толук кандуу иш кылган жок. Оштогу көп маселени чече албады. Мисалы, шаардын өнүгүшүнө салым кошо турган бюджетти көбөйтө алган жок. Мындан улам убагында ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрдүк эле. Болгону парктарды оңдоп, кылгандарын жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) кайра-кайра жарыялап, эл көзүнө жакшы иштеп жаткан адам катары көрүндү. Ошол парктарды дагы текшерип, шарттарын жана сапатына баа бериш керек. Бишкек менен Оштун айырмасы чоң да. Борбор калаанын башчысына талап жогору, сын дагы көп айтылат. Калганын убакыт көрсөтөт”.

Сарыбашов Ош шаарында мэр болуп турганда сын-пикирдин көбү калаадагы таза сууга байланыштуу айтылып келген. Анткени Ошто жамгыр жааган сайын суу токтоп, калаа жетекчилиги бул көйгөйду бир нече жылдан бери чече албай келет. Мындан тышкары Ошто шаар тургундарына түзүлгөн шарттар боюнча дагы маселе көп. Бишкектин мэринин милдетин аткарып жаткан Таалайбек Сарыбашовдун басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров сын-пикирлерге мындай деп жооп берди:

“Сарыбашов Ош шаарынын мэрлик кызматына дагы сын менен келген. Бирок элдин колдоосу менен кызматын тапшырып берди. Албетте, анын дарегине интернет аркылуу сын айткан активисттер жок эмес. Ошол эле учурда шаар тургандарынын арасында колдоо күч. Тилекке каршы, таза суу маселесин жергиликтүү бюджеттин жардамы менен чечүү мүмкүн эмес. Ага көп акча керек. Сарыбашов Бишкек шаарына бир нече план менен келди. Шайлоо алдында программасы менен тааныштарат. Ал Бишкек шаарын башкаруу оор, түйшүктүү экенин жакшы түшүнүп турат”.

Бишкек - Кыргызстандын саясий жана экономикалык борбору. Аны башкарган акыркы бир катар мэрлерге, анын ичинде Нариман Түлеев, Иса Өмүркулов, Албек Ибраимов, Азиз Суракматовдорго кылмыш иши козголгон. Сарыбашовго чейин Бишкек шаарын беш айдай Бактыбек Кудайбергенов жетектеди.

Ош шаардык кеңешинде да 45 депутаттын көпчүлүгү президенттин көңүлү түшкөн Алмаз Мамбетовго артыкчылык берүүдө. Ал октябрь окуяларынан кийин президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгын жетектеп келген эле. Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматында төрага, Балыкчы шаарында мэр болгон. Ош шаардык кеңешиндеги “Улуттар Биримдиги” фракциясынын лидери Абдыжапар Аккулов 26-августта өтө турган шайлоо боюнча буларды билдирди:

“Алмаз Мамбетовдун талапкерлиги расмий түрдө көрсөтүлө элек. Бирок жакында сунушталса керек. Президент ротациянын эпкини менен Алмаз Мамбетовду Ошко алып келди. Оштун мэринин Бишкекке кетишин ротация десек болот. Ал эми Мамбетов мэрлик кызматтан келген жок. Бул ротация эмес. Канткенде дагы биз алардын программасын угуп көрүшүбүз керек. Президент сунуштап аткандан кийин Алмаз Мамбетовдо мүмкүнчүлүк жогору. Эртең биздин жыйын бар. Ошол жерден Мамбетовго болгон позицияны аныктап алышыбыз керек. Азырынча өзүнчө талапкер чыгаруу жөнүндө сөз жок”.

Ош шаардык кеңешинен “Ата-Журт Кыргызстан” – 19, “Биздин Кыргызстан” – 15, “Улуттар Биримдиги” – 7, “Бир Бол” – 4 мандат алып, алгачкы экөө көпчүлүк коалицияны түзгөн. “Ата-Журт Кыргызстанды” УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланыштырып келишет.

Таалайбек Сарыбашов орун алмаштырган алгачкы жетекчи эмес. Май айында президент Садыр Жапаров Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы район акимдеринин эң ири ротациясын жасап, 37 район жетекчиси жаңы дайындалган. Бул кадам кызыкчылыктардын кагылышын, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу максатында жасалганы айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG