Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:27

Журналист Аслан Сартбаев УКМКда сурак берүүдө


Аслан Сартбаевге келген чакыруу кагазы. Бишкек. 9-август, 2021-жыл. (Сүрөт журналисттин "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды)
Аслан Сартбаевге келген чакыруу кагазы. Бишкек. 9-август, 2021-жыл. (Сүрөт журналисттин "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды)

"Азия Ньюс" гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев бүгүн, 9-августта кечке жуук Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Журналистти 9-август күнү саат 17:00гө атайын кызматка күбө катары баруу тууралуу чакыруу кагазын "Фейсбукка" жарандык активист Адил Турдукулов жарыялады. Айрым маалымат каражаттары Сартбаевди атайын кызматтын адамдары аны үйүнөн алып кетишкенин жубайына таянып жазып чыгышты.

УКМК Сартбаевдин үстүнөн Кылмыш кодексинин 313-беренеси ("расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактык кастыкты козутуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаганын мекеменин басма сөз кызматы 7-августта кабарлаган. Журналисттин интернетке жарыялаган материалынын мазмуну тиешелүү экспертизадан өткөрүлөрү кабарланган.

Аслан Сартбаев "Фейсбуктагы" баракчасына Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовдун иш бөлмөсүндө кол алдындагы кызматкерлери менен сүйлөшүп отурган сүрөтүн өзүнүн комментарийи менен жарыялаган. Анын сөзү соцтармактын айрым колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан.

Былтыр мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев "Азия Ньюс" гезитин сотко берген. Сот анда 300 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. Басылманы мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да сотко берип, миллион сом доого жыгылган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG