Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:52

Сауд Арабия коронавирустан каза тапкан медиктердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөй баштады


Сауд Арабиясы. Эмдөө учуру.
Сауд Арабиясы. Эмдөө учуру.

Сауд Арабияда коронавирус пандемиясы менен күрөшүп жатып, илдет жугузуп, анын айынан көз жумган дарыгерлердин, медайымдардын жана башка медкызматкерлердин ар биринин үй-бүлөсүнө жарым млн. риал же 133 миң АКШ доллары өлчөмүндө кенемте төлөп баштады. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары жазды. Каражат падышалык казынадан берилет.

Көз жумган медиктер жеке клиникада же мамлекеттик оооруканада, жарандык же аскердик госпиталда иштегенине карабастан, алардын үй-бүлөлөрү кенемте алууга укугу бар. Ошондой эле, мындай төлөмдөр жергиликтүүлөр менен катар эле сырттан чакырылган медиктердин үй-бүлөлөрүнө дагы бериле турганы кошумчаланды.

Билдирүүдө “бул медиктер пандемия менен күрөштө өлкө жарандары менен жашоочуларынын коопсуздугу жана саламаттыгы үчүн күрөштө өз өмүрлөрүн беришти” деп айтылат.

Сауд Арабиясында илдеттен 8320 өлүм катталган. Алардын канчасы медиктер экени белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG