Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Навальныйдын тарапташы Любовь Соболь Орусиядан чыгып кетти


Любовь Соболь. Навальныйдын тарапташы. Сотко келген учуру.
Любовь Соболь. Навальныйдын тарапташы. Сотко келген учуру.

Орусиянын "Интерфакс" агенттиги ишенимдүү маалымат булагына таянып, ФБКнын юристи, абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташы Любовь Соболь Стамбул аркылуу учуп, андан ары үчүнчү өлкөгө чыгып кеткенин жазды.

Навальныйдын аймактык штабдарынын координатору Леонид Волков Соболдун өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу кабары жок экенин айтты.

Буга чейин Москванын Преображенский райондук соту Любовь Соболду "Санитардык иш" боюнча эркиндигин бир жарым жылга чектеген чечим чыгарган. Аталган эле иш боюнча Алексей Навальныйдын иниси Олег Навальный бир жылга шарттуу кесилген.

Бул чектөө белгиленген маалдан кийин эшикке чыкпоо, массалык иш-чараларга катышпоо жана полицияга барып туруу сыяктуу чектөөлөрдү ичине камтыйт.

Айыпкерлер бул иш саясий мүнөздө экенин белгилеп, күздөгү парламенттик шайлоого катыштырбоо максатын көздөй турганын айтышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG