Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:25

“Сапат” мектебинин окуучулары дүйнөлүк олимпиадаларда бир нече медаль утушту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Сапат” билим берүү мекемелеринин окуучулары соңку 1,5 ай аралыгында дүйнөлүк олимпиадаларда бир нече байгелүү орундарды ээледи. Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Камил Мамбетов Жапония уюштурган химия боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль жеңип алды.

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Бактынур Ажыбаев биология боюнча эл аралык билим таймашында коло медаль алды. Португалия уюштурган олимпиадага Кыргызстандан төрт бала катышты.

Ал эми Сингапурда онлайн форматта өткөрүлгөн информатика боюнча кезектеги олимпиадага “Сапаттан” катышкан төрт окуучу баары тең коло медалга татыктуу болду. Информатика боюнча эл аралык олимпиадада байгелүү орунду ээлөө бул сабакты тандап алган окуучулар үчүн эң чоң жетишкендик жана дүйнөдөгү алдыңкы университеттерге өтүү үчүн мүмкүнчүлүк берүүчү платформа болуп саналат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG