Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Орусия: Борбор Азиядан келген мигранттарга виза эрежесин киргизүү сунушталды


Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин алды.
Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин алды.

Орусиянын Мамлекеттик думасына "Справедливая Россия" партиясынан депутат Сергей Миронов Борбор Азиядан келген эмгек мигранттарга виза эрежени киргизүүнү сунуштады.

Ал "Фейсбуктагы" расмий баракчасына миграциялык көйгөйдөн коңшу мамлекеттерге виза эрежесин киргизүү менен арылса болорун жазды.

"Айланада эмне болуп жатканын карагылачы. Күнүгө мигранттардын өз ара калайман мушташы тууралуу кабарлар чыгып жатат. Бул ирет Борбор Азиядан келген кырктай мигрант Мытищиде куралдуу кагылышты. Бул алардын акыркы "эрдиги эмес"! Иш жүзүндө мигранттар аз тыйынга иштегени жумуш берүүчүлөр үчүн пайдалуу болгону менен биздин миллиондогон атуулдардын жумушчу ордун тартып алып жатышат. Ошол эле маалда бизде төрт миллион кишинин жумушу жок. Өлкөдөгү ырааттуулукту чегараны тартипке келтирүү менен ишке ашыруу керек. Борбор Азиядан келген мигранттарга виза эрежесин киргизүү - эң туура кадам. Мен муну бир нече ирет сунуштагам, бүгүнкү күндө да бул сунушум мурдагыдан жүз эсе актуалдуу болуп турат", - деп жазган Миронов.

Орусиянын башкалаасы Москвада июль айынын башында кыргыз-тажик жарандары катышкан калайман мушташ болгон.

Андан соң мигранттарды депортациялоо күчөп, бул маселе Жогорку Кеңеште козголуп, мекендештерге жардам берүү сунушталган.

Расмий эсеп боюнча Орусияда Кыргызстандан 600 миңден ашуун эмгек мигранты барып, иштеп жүрөт. Бейрасмий эсепте кыргыз мигранттарынын саны бир миллиондон ашуун экени айтылып жүрөт.

Орусияга Борбор Азиянын жарандары визасыз кирип-чыга алышат. Иш менен камсыз болгондорго уруксат кагаздары талап кылынат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG