Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:06

Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер 721 миңден ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 9-августка карата 721 миңден ашты. COVID-19 боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, алардын 178 миңи вакцинанын эки дозасын тең алгандар.

Соңку бир күндө вакцинаны 6 миңге жакын адам алды.

Өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын расмий катталган саны 170 миңге, каза болгондор дээрлик 2,5 миң адамга жетти.

Учурда республиканын бардык аймактарында "Спутник V", Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар. Вакцина 18 жаштан улуу курактагы бардык каалоочуларга сайылууда.

Президент Садыр Жапаров 23-июлда Sinopharm вакцинасын алып, элди эмдөөдөн өтүүгө, вакцинацияга каршы жалган маалыматтарга ишенбөө чакырган.

Коронавируска каршы жамааттык иммунитет калыптандыруу үчүн Кыргызстанда 6,5 миллион калктын кеминде 2,4 миллиону эмдөөдөн өтүшү зарыл экени расмий айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG