Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Дүйшөкеев элчи, Кулубаев бөлүм башчы болуп дайындалды


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Президенттик администрациянын Тышкы саясат бөлүмүндө жана өлкөнүн Казакстандагы элчилигинде жетекчилик алмашты. Бул тууралуу 9-августта «Азаттык» радиосуна мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Жээнбек Кулубаев администрациянын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. 2018-жылдан быйыл июль айына чейин ал Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болчу.

Казакстандагы элчиликти 2020-жылдын ноябрь айынан бери администрациянын Тышкы саясат бөлүмүн башкарып келген Дастан Дүйшөкеев жетектемей болду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG