Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Акаев Кумтөр боюнча сурак берип, Орусияга кайтты


Аскар Акаев УКМКнын алдында. 2-август, 2021-жыл.

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев “Кумтөр иши” боюнча Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин Кыргызстандан кайра чыгып кетти. Ал өзү тергөө менен кызматташуунун алкагында кепилдик менен келгенин жарыялаган.

Атайын кызмат кенге байланыштуу бардык келишимдерден коррупциялык фактылар аныкталганын жана мурдагы аткаминерлерге иш козголгонун кабарлаган эле.

Сурак жана билдирүү

Апта башында, 2-августта учуп келген Аскар Акаев алгач көрсөтмө берип чыккандан кийин журналисттер менен жолугушуусунда бир апта сурак берип, кайтып кетерин маалымдаган. Айткандай эле жуманын соңку күнү, 8-августта кайра өзү 16 жылдан бери жашап келаткан Орусияга учуп кетти.

Бул аралыкта мурдагы мамлекет башчы өзүнүн кичи мекени Кеминге барып, тууган-туушкандары менен жолукту. Бишкекте бир нече жерде конок болду, кийин Таластан кайын журту менен учурашкан сүрөттөрү жарыяланды.

Ортодо ал бир нече жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью бергенге үлгүрдү, 6-августта алгачкы кайрылуусун жарыялады. Анда ал 16 жылдан кийин мекенине кайтууга шарт түзүп бергени үчүн президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди.

Акаев мекенине Кумтөр алтын кенин элдин кызыкчылыгы үчүн иштетүү аракетине салымын кошуу максатында келгенин белгилеп, бул долбоор боюнча билген маалыматын күч түзүмдөрүнө ачык айтып бергенин билдирди.

Мындан тышкары өзү мамлекетти жетектеп турган 15 жыл аралыгында өлкөнүн жетишкендиктерин санап келип, кемчиликтер да болгонун мойнуна алган.

"Алардын ичинен эки кемчилик мени дайыма өкүндүрөт. Биринчиси – Аксы окуясы. Бул трагедияга менин өлкөнү башкаруу мезгилимде жол берилгени жүрөгүмдү жаралап келет. Экинчиси – президенттик кызматты 2005-жылы кийинки президентке конституциялык жол менен өткөрүп бере албай калганым. Бул кемчиликтер үчүн кыргыз элимен кечирим сурап келгем жана дагы да сурайм. Ошону менен катар, соңку он алты жылдан бери менин айыгышкан оппоненттерим мага жаап келе жаткан курулай жалаа, ушактарын чечкиндүү түрдө четке кагам. Алар "Акаевдин Үзөңгү-Куушту кытайларга сатып жибергени, Кумтөрдөн алтын, акча жеп, акцияга ээ болушу, үй-бүлө мүчөлөрүн мамлекеттик башкарууга кийлигиштиргени" сыяктуу жасалма ойлоп табылган айыптоолор", - деп жазган кайрылуусунда.

Жекшембиде Аскар Акаев учуп кетер күнү интернетте анын видеокайрылуусу тарады. Анда да мурдагы мамлекет башчы жалпы жагдайларга, анын ичинде Кумтөр темасына кенен токтолду. Алгач кенге байланыштуу 1992-жылкы документтер жөнүндө өзүнчө сөз кылды.

"Мекенден алыс жүрүп, октябрь окуяларынан кийин Кумтөр алтын кенинин айланасында болуп жаткан окуяларга, чечкиндүү кадамдарга көз салып отуруп, четте кала албадым. Кыргызстанда жоопко тартылып, издөөгө алынсам да, "Кумтөр" иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн келдим. Келишим түзүлгөндөн тартып Кыргызстан көп жолу канадалык компаниянын кызыкчылыгы үчүн, улуттук кызыкчылыкка каршы кадамдарды жасады. Анын ичинде кыргыз өкмөтүнүн "Камеко" компаниясын салыктардан бошотуу тууралуу 1992-жылкы токтому, кенди башкарууну Канада тарапка берип койгону үчүн кыргыз тарап эч кандай дивидендге да ээ боло албай, мамлекеттик бюджетке салык да түшпөй калган. Бул жерде президент катары менин да катам бар, анткени "Кумтөр" долбоору" боюнча чечимди мен кабыл алгам. Ошол өкмөткө Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алган деп сокур ишеним артканмын”, - деди Акаев видеокайрылуусунда.

Мурдагы президент аталган долбоор боюнча өзүнүн эң чоң катачылыгы деп, 2003-жылкы келишимге макулдук бергенин атады. Кайрылуусунда айткандай, ал ошол кездеги премьер-министр Николай Танаевдин өкмөтүнө "Центерра" менен келишимге "Кыргызстандын кызыкчылыктары корголуп, үлүш тең бөлүнсө гана баргыла" деген тапшырма берген. Бирок Танаевдин өкмөтү аны ишендирип туруп, өлкөнүн алтын кендеги үлүшүн 33,3% кылып, келишим түзгөнүн кеч билип калганын билдирди.

"Мен катачылыктарым үчүн кечирим сурайм. "Кумтөр" долбоору боюнча кыргыз элинин үмүтүн актай албадым", - деди ал.

Аскар Акаев ошондой эле долбоордон өлкө жарыбаган тыйын, талкаланган экология менен калып жатканы үчүн мезгилинде өкмөт тарабынан көзөмөлгө алынбаганы үчүн өз билгенин кылган канадалык инвесторлорду айыптады.

1992-жылы, Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча алгачкы келишим түзүлгөн учурда өкмөттү Турсунбек Чыңгышев жетектеп турган. 2003-жылы премьер-министр болуп турган Николай Танаев 2005-жылы Акаев менен чогуу качып кеткен. Чыңгышев Кыргызстанда жүрсө, Танаев Орусияда жашап жүрүп 2020-жылы оорудан улам каза болгон.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-жылдан 2005-жылга чейин башкарган. 2005-жылы 24-мартта бийликтен кулатылган. Үй-бүлөсү менен Кыргызстандан кетип, Орусияда жашап жүрөт.

Коюлган айыптар, Акаевдин жоопкерчилиги

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд Компани” мурдагы мамлекет башчыларын "сатып алганын" далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Анын ичинде Акаевге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 2-августта тараткан маалыматта да ушул жагдай белгиленип, “Акаевди республиканын аймагына алып келүү аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү” деп аталган эле.

“Мурда маалымдалгандай, "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында, мекемелер аралык тергөө тобу тарабынан өлкөнүн мурунку президенти Аскар Акаевге издөө жарыяланган. Акаев башка мурдагы жогорку кызмат адамдары менен бирге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча Башкы келишимди түзүүдө, 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, ошондой эле 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен түзүлгөн Башкы келишимди реструктуризациялоо учурунда коррупциялык иштерге барган деген айып тагылган. Ошентип, тергөө Акаевдин президенттигинде Кумтөр долбоорун ишке ашыруу учурунда коррупцияга аралашкан бардык күнөөлүү адамдарга укуктук баа берди”, - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

УКМКнын маалыматында мурдагы президент “алынып келинди” дегенге басым жасап жатканы менен Акаев бийлик менен сүйлөшүп алып, өз эрки менен келгенин айткан. Башкача айтканда, ал президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кепилдиги менен келгенин өз билдирүүлөрүндө бир нече жолу белгилегендей болду.

Акаевге тагылган айыптардын бири, тагыраагы 1992-жылкы келишимге байланыштуу Реконструкциялоо жана экономикалык өнүгүү комитетинин мурдагы төрагасы Борис Бирштейнге да коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Ал эми экс-премьер-министрлер Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов жана "Кыргызалтын" мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгулов кылмыш жасоого шектүү деп табылып, эскертүү берилген. Бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу алар жоопкерчиликтен бошотулган.

Муну УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлда мындайча түшүндүргөн эле:

“Бул иште “Кылмыш ишин кыскартуу үчүн макулдук берди” деген эмнени түшүндүрөт? Бул биз тергөө учурунда алар башкы келишимди Кыргызстандын пайдасына каршы түзгөнүн далилдеп бердик, жооптуу кызматтагы ал адамдар моюнуна алды дегенди билдирет. Болгону кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу аларга карата кылмыш ишин кыскартабыз. Бирок алар күнөөсүн мойнуна алды”, - деген ал.

Мына ушул жагдай Аскар Акаев да кылмыш ишин мойнуна алганы менен ага карата айыптоолор иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кыскартылды деген бүтүмгө алып келүүдө.

Акаевдин бийликтен кетишине алып келген март окуяларынын негизги катышуучуларынын бири, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” пикирин айтты:

“Дүйнөлүк практикада айрым өтө оор кылмыштар мөөнөткө баш ийбейт. Оор кылмыштарды жасагандар канча убакыт өтсө да жоопкерчиликке тартылып, соттолот. Өлкөсүндө кыргын салган канчалаган диктаторлор ошентип жазасын алган жана ошондой болушу керек. Аскар Акаевдин да күнөөсү опол тоодой. Эгерде мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга сыртынан кесилсе, Аскар Акаевге жок дегенде 40-50 жыл бериш керек болчу. Эмне үчүн? Кумтөр боюнча “менин күнөөм бар, бирок эң негизги күнөө өкмөттө болгон, билбей калыптырмын” деп атпайбы. Бул киши Кумтөргө кирген компаниялардан өтө көп пара алган. Жалаң эле Кумтөр боюнча эмес, башка да кылмыштары арбын. Бийликте турганда саясий куугунтукту күчөткөн, сөз эркиндигин бууган, мунун тушунда далай кишилер өлдү. Андан башка булар жок дегенде 2 млрд. долларды уурдап кетишти. “Прихватизацияга” айланган приватизация - менчиктештирүү жараянында миллиард эмес, триллионго тете байлыктар тонолгон. Буга ким жооп берет? Анын тушунда эл ун эмес, улпак сурап жеп калган. Анын күнөөсү өтө көп. Ошону үчүн муну эмне үчүн тайраңдатып жатышканын түшүнбөй жатам. Муну камакка алыш керек болчу. Бирок ага барбай жатышканына караганда бул жерде саясий оюндар бар го деп ойлоп жатам. Акаев ушинтип кутулуп кете турган болсо кыргыз элинде бул бийликке дагы чоң нааразычылык туулат, эл жарылып кетиши да мүмкүн”.

Буга чейин Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров мурдагы президент Аскар Акаевдин келиши тууралуу "Азаттыкка" маек куруп, анын көрсөтмөлөрү Кумтөр иши боюнча эл аралык сотто зарыл болоруна токтолгон эле. Бирок Бекназаров “Акаев жоопкерчиликке тартылбаса азыркы бийликтин иши нөл болорун” кошумчалаган.

Тергөөнүн далилдери жана эл аралык сот

УКМКнын Кумтөргө байланыштуу тергөөсү кыйла масштабдуу жүрүп жатат. Кенге тиешелүү дээрлик бардык документтер боюнча иш козголуп, жооптуу кишилерге айыптар тагылды.

Кеп болуп жаткан 1992-1992-жылкы келишимдер боюнча Аскар Акаев, Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов жана башкаларга айып тагылса, 2003-жылкы документ боюнча да эки иштин алкагында Акаевге дагы кине коюлган.

Тергөө тобу үчүнчү эпизод катары 2009-жылкы “Кумтөр долбоору боюнча жаңы шарттар” аттуу макулдашууну кабыл алууда жогорку кызмат адамдары өлкө кызыкчылыгынан "Центерраныкын” жогору коюп, экологиялык жана экономикалык зыян келтирилген деп аныктаган.

Мунун алкагында мурдагы президент Курманбек Бакиевге, анын уулу Максим Бакиевге, Мамлекеттик геология агенттигинин мурдагы директору Капар Курманалиевге, директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеевге, инвесторлордун өкүлү Андрей Сазановго издөө жарыяланган.

Экс-премьер-министр Игорь Чудинов менен "Кыргызалтын" ишканасынын мурдагы башкармалыгынын төрагасы Алмаз Жакыпов күнөөсүн мойнуна алышкан, иштин мөөнөтү өтүп кеткени үчүн тергөө кыскартылмакчы.

Төртүнчү жагдай – 2012-жылкы чечимге байланыштуу “Кыргызстандын “Центерра” компаниясы менен кызматташуусунун жаңы шарттарын карап чыгууга тоскоол болгон” деген жүйө менен экс-спикер, депутат Асылбек Жээнбековго, депутат Төрөбай Зулпукаровго, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановго, экс-депутаттар Исхак Пирматовго, Талант Узакбаевге, Алмаз Батырбековго, президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаевге, өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Динара Молдошевага айып тагылды. Булардын ичинен Бабановго дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди. Узакбаев жана Батырбеков тергөө менен кызматташуу келишине ылайык үй камагына которулса, Молдошева тилкат менен бошотулган. Калгандарынын баары камакта.

Бешинчи эпизод - 2012-2013-жылкы Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын чечимине байланыштуу десек болот. Ошол учурдагы экономика министри Темир Сариев аталган комиссиянын төрагасы катары анын корутундусунда экологиялык чыгымдарды кыскарткан деп айыпталып, эки айга камалды.

Алтынчы эпизод – 2014-2017-жылкы аракеттер жөнүндө. Бул аралыктагы “Центерра” менен болгон Стратегиялык келишим жана “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуштамалар боюнча коррупция беренеси менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге айып тагылып, үй камагына алынды.

Ушул эле көрүнүш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, экс-премьер-министр Сапар Исаковдун, профилдик министрликтердин жана мекемелердин жетекчилеринин, “Центерра” компаниясынын өкүлдөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берилмекчи.

Жетинчи эпизод катары, 2017-жылы “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан карыз катары 500 миллион доллар чыгарылып кеткенин аталып жатат. Бул жөнүндө иликтөө иштери уланууда. Атамбаевге, Исаковго жана башкалардын аракеттерине баа берилиши мүмкүн.

Бул кылмыш иштеринин жыйынтыгы жана анда алынган көрсөтмөлөр “Центерра Голд. Инк.” компаниясы менен эл аралык аренада соттошууда Кыргызстандын пайдасына иштей турган далилдик база болуп берет деп бааланган. Мына ушул жагдайдан алганга Аскар Акаевдин көрсөтмөсү да маанилүү деп эсептелип жаткан.

Бирок экс-вице-спикер Кубанычбек Исабеков мурдагы президент тергөөдө жетиштүү маалыматтарды айтканына ишенбейт:

“Эгер өзүнүн сөзүнө таянсак, ал киши “тергөө менен кызматташууга даяр экенин, билгенин айтып берерин” билдирип жатат. Өлкөгө кайтып келүүгө уруксат бергени үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык айтып, “биз Кумтөрдү жакшы эле баштаганбыз, кийинкилер аягына чыгарбай, тескери кылды” деп, Бакиевди, Отунбаеваны, Атамбаевди айтып өттү. Бирок конкреттүү эч нерсе айткан жок. Ошондуктан мен бул киши канадалыктарга, Бирштейнге же Хаменюкка каршы ачык көрсөтмө берип, “мынча жешти, мынча алышты” деп айтты дегенден мен алысмын. Антип айта албайт, ал кишиде эрк дагы жок. Өкмөттү күнөөлөп атпайбы, өкмөт башчылар ал кезде түздөн-түз өзүнө баш ийген. Алар президентсиз эч нерсе кыла албайт эле. Аларды ачык айтпаса анда бул кишинин көрсөтмөлөрү бир тыйын, эл аралык сотко эч нерсеси жарабайт. Ал эми элден кечирим сураганын мен кеч деп эсептейм. Ал кишинин Кумтөр боюнча аракеттери калыбына келтирилгис, экологиялык чыгымдарга алып келди, мамлекет миллиарддаган долларлардан кур калды. Кечирим суроо менен мунун баары акталбайт”.

Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр Голд Компани” ишканасына үч айга убактылуу сырттан башкаруу киргизилген. Мындай сунушту парламентке Кумтөр алтын кенинин ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия берген. Зарыл болсо компанияны тыштан башкаруу дагы узартылары айтылган.

Мамлекеттик комиссия "Центерра Голд Инк." компаниясы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек экенин билдирген. Анын алдында Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. Ишкана мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

Соңку кылмыш иштеринин алкагында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Министлер кабинетин Кумтөр боюнча бардык келишимдерди денонсациялоону сунуштаган.

"Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасын 1994-1999-жылдары башкарган Дастан Сарыгулов “Азаттыкка” курган маегинде, келишимдерди жокко чыгаруу үчүн парламенттин чечимдери да жараксыз деп табылышы керектигине токтолду. Анын бир эле документ боюнча айтканын ортого салалы:

“1992-1994-жылдары түзүлгөн келишимдерди ошол учурдагы Жогорку Кеңеш үч жолу караган. Анда “легендарлуу парламент” деп элдин баасын алган 350 депутат болгон. Андан тышкары өкмөт жети жолу караган. Келишимдин долбоору эки жыл боюу адистер, депутаттар, министрлер, өкмөттүн өкүлдөрүнүн катышуусунда дыкаттык менен иштелип чыккан. Соңунда, 1994-жылдын 25-майында парламентте талкууланып, алымча-кошумчалар менен бекитилген. Жогорку Кеңештин токтому мыйзам күчүнө ээ, ал бүгүн да мыйзамдуу күчүндө. Эгерде кимде-ким бул келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт десе, анда эң алды Жогорку Кеңештин ошол сессиясы кабыл алынган токтомду жокко чыгарышы керек. Албетте, саясий өңүттө эмес, кайсы жеринде кызыкчылык сакталган эместигин так атап, Кыргызстан үчүн канча зыян болгонун атап, анан чечим чыгарыш керек”.

Канадалык "Центерра Голд Инк." (Centerra Gold Inc.) компаниясы Кыргызстандагы туунду ишканасы – “Кумтөр Голд Компани” аркылуу Кумтөр кенинде 1997-жылдан бери алтын казат. Алгачкы жылдары Кумтөрдүн үчтөн эки үлүшү же башкача айтканда 67% Кыргызстанга карап турган.

2003-жылы ал 33%, анан 15% чейин түшүп, 2009-жылдагы келишимдерге ылайык кайра 33% жеткен. Кийин Centerra Gold Inc. кошумча акция чыгаргандан улам Бишкектин үлүшү 26% түзүп калган. Ошол эле убакта Кыргызстан акыркы жылдары акциясы үчүн дивиденддерин жетиштүү ала албай келген.

Кумтөр кенинде жалпы 700 тоннадан ашык алтын бар экени эсептелген. Ушул убакка чейин канадалык компания Кумтөрдөн 400 тоннадай алтынды казып алган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG