Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Орусия ооган менен чектешкен аймактагы машыгууга аскердик авиациясын жеткирди


Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы тажик жана өзбек аскерлери менен бирге Ооганстан менен чектешкен тилкеде өтүп жаткан аскердик машыгууларга аскердик авиация тартылганын билдирди.

"Машыгууларга Су-25 чабуул коюучу аскердик учактар тобу, Ми-24 күжүрмөн тик учактары жана Ми-8 аскердик жүк ташуучу тик учактары тартылды"- деп жазылат Борбордук командачылыктын билдирүүсүндө.

Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги транспорттук тик учактар жеткирилип, зениттик-ракеталык аба соккуларынан коргонуу жолдору окутула турганы кабарланган.

Ошондой эле, бул аскердик машыгууларда үч мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн өз ара авиациялык аракеттери сынала турганы көрсөтүлгөн.

Бул машыгууларга Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын 2500 аскери жана 500дөң ашуун аскердик техника тартылары белгиленген. Биргелешкен аскердик машыгуулар 10-августка чейин созулат.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Коопсуздук кеңешинде ооган жоочуларынын Борбор Азиянын аймагына кирип келүү коркунучу бар экенин билдирди.

Анын бул билдирүүсү Ооганстандын түндүгүндөгү Борбор Азия менен чектешкен тилкелерде Талибан кыймылы күч алып, бир канча провинцияны ээлеп алган учурга туура келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG