Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Якутияда 13 конуш өрт коркунучуна кабылды


Якутиянын Баяс-Көл айылындагы өрттөнүп кеткен үйлөрдүн тик учактан тартылышы.
Якутиянын Баяс-Көл айылындагы өрттөнүп кеткен үйлөрдүн тик учактан тартылышы.

Якутиядагы токойлордогу өрт улам токтобой тутанып жатат. Республиканын аймагындагы алты райондун 13 калктуу конушу коркунуч жараткан кооптуу тилкелерде кала берүүдө.

Бул тууралуу Якутиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Жакында Баяс-Көл айылында токойлордогу жайылган өрттөн 31 үй толугу өрттөнүп кетти. Бул аймакта ушул күнгө чейин өчүрүлбөгөн 155 өрттүн очогу бар. Бир күндө 11 өрттүн очогу өчүрүлүп, тогузу чектелип, дагы жети жерден жаңы өрт чыкканы катталганы расмий кабарларда айтылды.

Азыркы учурда өрт каптаган аймактардагы калкты коопсуз жайларга көчүрүү иштери жүрүп жатканы белгиленди.

Жаңы-Үрөнгөйдө түтүн каптагандын айынан авиакаттамдар токтотулду. Якутияда, Красноярск крайында быйыл жайкы кургакчылыктын кесепетинен токойлордон өрт чыгып, тилсиз жоо андагы өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнө жана калктуу конуштарга зыян келтирди.

XS
SM
MD
LG