Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

 Эгемендиктин бекемделиши ажолордун абийирине жараша


Бишкек шаары. 2020-жыл, май. Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Сайпидин Султаналиевден келген материалды сунуштайбыз. Сынакка материалдарды кабыл алуу 30-июлда токтотулду.

Ар бир эле өлкө эгемендикке жетип, өз жолун өзү таап, өз өлкөсүнүн жоопкерчилигин өзү көтөрүп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон эмес. Тарыхы узун, таалайы кыска кичинекей мамлекетибиз эркиндикке ээ боло албай жүргөндөрдүн жетпес кыялы, үзүлбөгөн үмүтү.

Биз, кыргыздар мындан туура 30 жыл илгери жараткан өзү ыроологон эгемендигибиздин кадырына жетип, аны бекемдей алдыкпы?

Менимче, энесин издеген ботодой болуп, үзүлбөгөн үмүт, ичте толгон күйүт менен бирде Орусияны, бирде Батыш өлкөлөрүн, бирде Түркияны, бирде арабдарды карап, ошолордой болууну самап, казаныбызга аш салып берчүдөй же аларды туурасак эле укмуштуудай жашоого жетчүдөй болуп, бирде мыйзамын көчүрүп, кээде салт-санаасын туурай калып жүрүп, ортодон отуз жылды өткөрүп ийдик.

“Эл башчы куйту болсо, эли да ошондой куйту болот, башчы адилет болсо ага да көнөт, эл аккан суу, каякка бурса ошол тарапка агат” демекчи, эгемендикти бекемдөө, калың журтту бир нукка салуу, айдалып кеткен, абакта жаткан, өлкөнү өзү каалагандай “өкчөгөнгө” ылайыктап алган “өкүмдарлардын” өздүк акылына, абийирине жана ниетине жараша болот өндүү.

Эми, калың журт октябрдын таңында Ак үйдү каптап кирип, калкка жакпагандарды сүрүп чыгып, алаканына салып берген, туура эмес кармаса эле салаадан куюлуп түшүп калчудай сымаптай болгон “тоголок” бийликти жок эле дегенде кайра өткөрүп бере турган күнгө чейин өлкө башчыбыз ыйманынан ажырабаса экен.

“Ыймандуу бийде тууган жок. Туугандуу бийде ыйман жок” дегендей, жээк-жаат, тууган-урук, дос-тамыр, куда-сөөк, таяке-жээн, бала-чака, балдыз-бажа дегендин баарын “мамлекеттик кызмат кемесинен” сыртка чыгарып турса деген ой келет.

Ооба, мындай кадам жасоо айрыкча кыргыз үчүн өтө оор. Бирок, “Өлкөмдүн кызыкчылыгын өз керт башымдын кызыкчылыгынан жогору коём, эгемендүүлүгүн бекемдейм, элимдин баркын эл аралык деңгээлде көтөрөм, бийликти бир муштумга эмес калыс, таза жүргүзүү ыйык милдетим”,- деген абийирдүү башчы үчүн башка жол жок.

Элибиздин эртеңи, эгемендигибиздин келечеги так ушул жоопкерчиликти моюнга алган өлкө жетекчисине байланган. Анан да, ажо айланасындагы кадрлардын иш билгилигине, адамдык касиетине, патриоттулугуна жана алардын билимине таянып иш кылат эмеспи .

Адилеттүү башчы өз айланасына мыкты кадр тандоодон жаңылбай, ошол эле мезгилде алардын ишмердигине тоскоолдук жаратпашы керек.

”Журт башкара албаган эл бузат. Ат бастыра албаган жол бузат” болуп, “эки тизгин, бир чылбырды” колго алган адамдын бийликке келген күндөн ээрге кыйшык олтурушу анын деңгээлине жараша болот окшобойбу.

Анткенимдин себеби, эгемендигибиздин 30 жылдык тарыхында өлкө башчыларыбыз кадрлардын кадырын кетирип, кесипкөй адистердин жасап жаткан ишин көрмөксөнгө салып, “Калк алдында кадыры меникинен өсүп баратат” - деген кызганыч менен жашап келгенине күбө болдук.

Эл багам деген “эрендерибиз” дайыма өзүнө “көз карама”, “кул мүнөз” кадрларды айланасына топтоду. Андайлар “ити чөп жеп”, “арааны” жүрүп турган ажо түкүрсө түкүрүгүн жерге түшүрбөй, алаканына тосуп алып “кастарлоого” даяр болушчу.

Так ошолор кези келгенде ооматы артып турган “ордо жетекчисин” ээрден оңой эле оодарып түшүштү. Анын адилетсиз бийлик жүргүзгөнүн “айгай” салышты.

Анан да мамлекеттин көзүн караган Жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрү ажонун баскан кадамы сайын алтын-күмүш чачырап жаткандай айтып, сүйлөгөн сөзүнүн ар биринен акылман ойлор жаралып, кыргызга эми гана чындап эркиндиктин “таңы аткандай” даңазалап, айга-күнгө теңеп, апталап, кайталап айта бергенинен дээринде жок башчыларыбыз өздөрүн “кеменгер” сезип алышат өндүү.

Калк алдында катыра берген убадалар, конкреттүү пландар кол чабууларга маашырланып жатып, кантип унутулуп калганын ажолорубуз өздөрү да аңдабай калып жатышты..

Өлкөбүз өзгөрсүн, оңолсун деген ойдо бийликке сын айткан маалымат каражаттарын мамлекеттик чыккынчыга айлантып, “апакай эле жан элем, аброюма шек келди” деген шылтоо менен оюн айттырбай сезген “адилеттүү” сотко кайрылгандар болду.

Алар, а дегиче ажо каалагандай чечим чыгарып бере салышчу. Ачык айткан ачуу чындыгы үчүн активисттер абакты карай айдалып келди. Анан ушундайда адам кантип өзүн эркин сезсин.

Капталыңан кошунаң кабыргаңды капшырып атса, тектеш элбиз дегендер чаламандын чак түшүндө жараныңды өлкөңдөн алып чыгып кетип, дүйнөгө “террорчу” деп жар салып жатса.

Бийлик өкүлдөрү өз атуулун кайрып алып келгендин ордуна, чек араңдан уурдап чыгарып кеткендердин сөзүн сүйлөп турса.

Мен кантип эгемендигим бекемделди деп айтам!

Отуз жыл аралыгында эл башкарган “кеменгерлерибиздин” кемпайлыгы, өлкөнүн кызыкчылыгынан да “бөлкөнүн” кызыкчылыгын жогору коюп, жүргүзгөн “аксак” саясаты Жараткандын жардамы менен элибиздин бел оорутуп кыйналбай бекер алган эгемендигин бекемдей алган жок.

Бирок, кандай болгон күндө да 1991-жылы өзүбүздү “эгемен өлкө” деп бүткүл дүйнөгө жар салганбыз. Алысты караганда алакандай жерден ай көрүнүп, оймоктой жерден от көрүнөт. Так ушул нерсе менин күйүтүмдү басып, үмүтүмдү жандырып турат.

Эгемендигибиз кут болсун!

Сайпидин Султаналиев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG