Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Адегенде аймактарды өнүктүрөлү


Бишкектин чеке-белиндеги жаңы конуштардын бири.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Кадырбек Жекшелаевден келген блогду сунуштайбыз. Сынакка материалдарды кабыл алуу 30-июлда токтотулду.

Элибиздин байыртадан басып өткөн жолуна көз салсак, "кыргыз" деген ат менен мындан 2200 жылдан ашык мурда тарых бетине түшкөн. Ошондон бери ата-бабаларыбыз бизди башка элдерге күнкор кылбай, өз алдынча мамлекетте жашатыш үчүн баскынчыларга каршы жүздөгөн согуштарды башынан өткөрдү. Бирде жеңилип, башка элдердин кол алдында калса, акыры кайрадан жеңишке жетишип, тынымсыз аракеттеринин натыйжасында алты жолу өз алдынча мамлекет түзүп жашагандыгы тарыхый документтерде кездешет.

Бирөөнүн кол алдында жашаш эмне экенин азыркылар билбей деле калышты. Айтсак, башканын тилин, салт-санаасын, тарыхын, маданиятын акыл-эсин өзүңдүкүнөн артык коюп, тынымсыз мактап, өзүңдүкүнө жийиркеничтүү мамиле кылышың керек.

Дүйнөдө тогуз миңден ашык тилде сүйлөгөн эл жашаса, 150дөй гана тилде сүйлөгөн эл 200дөй мамлекетте жашайт. Ошондуктан 1991-жылы жетинчи жолу ээ болгон эгемендүүлүгүбүз - кудайдын бизге тартуулаган белеги! Эми ошол маңдайга бүткөн бактыбызды татыктуу кадырлай алдыкпы?

Кудайга шүгүр, 30 жыл мурдагы менен салыштырсак, асман менен жердей эле өзгөрүүлөр болду. Көчөлөргө машине батпай, көз жоосун алган кабат-кабат үйлөр, өз улутубуздан чыккан байлар, татаал техниканы башкарган өз улутубуздун жаштары, көптөгөн эл аралык уюмдарга мүчө болдук, туубуз желбиреп, үнүбүз жаңырды ж.б.

Дүйнөдөгү мамлекеттердин өнүгүү деңгээлин иликтеп, ар жылы жыйынтыгын жарыялап турган БУУ, WEF (Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум), Global Finance, Эл аралык валюта фондусунун, ж.б. уюмдарынын маалыматтарына таянсак, өндүрүш индекси боюнча Азия материгинде Ооганстан, Түндүк Корея, Непал, Тажикстан, Камбоджадан кийин жакыр жашаган алтынчы орунда Кыргызстан турат экен. Ал эми Эл аралык валюта фондусунун билдирүүсүндө, Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң жакыры биз экенбиз.

Демек, бул союздан бирдей шартта тараган республикалардын ичинде эң жакыры болуп калдык. Өлкөдө жакыр жашагандар 2017-жылы 26% түзсө, 2021-жылдагы маалымат боюнча 30% ашты.

Жакырчылыктын себептери

Биринчи - бийликке трайбалисттик жана коррупциялык жол менен татыксыз тандалган кадрлардын кесепети. Анын башаты, “өз командасын жыйноодон” башталат. Республикабыз айыл өкмөттөрдөн, райондордон, облустардан, шаарлардан турат. Алардын өздөрүнүн башкаруучулары, тартип сакчылары, сот прокурорлору ж.б. тармактарды тейлеген жетекчилери бар. Бири жөндөмдүү, жандили менен берилип, ак иштейт. Экинчиси - алган бергенге жөндөмдүү, “иш болсо жүрө берет”. Үчүнчүсү - өйдө жактын айткандарына ак-карасына карабай “ляппай” деп гана турат. Өз пикирин айта албайт же таптакыр эле өз пикири жок. Төртүнчүсү - тууганчылык, жердешчилик байланыштары зор. Анан жогору жактан команда топтоо башталганда албетте, ак иштеген, так иштеген жөндөмдүү кызматкер эч качан өтпөсү бышык.

Ал эми жөндөмдүү чын дили менен мамлекетке берилип иштеген мекенчил кадрлардын эмгеги бааланбай, ындыны өчүп, ишке кайдыгер боло башташат. Эмгеги бааланбай эле тим калбай, куугунтукталат. Ак иштеген менен пайда жок экенине ынанып, андан көрө эл сыяктуу эле, алып-бергенге, тааныш күткөнгө, жогору жакка жагалданганга багыт ала баштайт.

Натыйжада, дагы бир коррупционер пайда болот. Аны көргөн башкалар да жакшы иштеген менен пайда жок экендигине күбө болушуп, башка жолго түшө башташат. Ошентип элибиздин бүт мүмкүнчүлүгү пайдаланылбай көмүскөдө калып, коомубуз артка кетип, деградация боло баштайт. Бир чоң кызмат орду бошосо, эл ал орунга “баланча келет, түкүнчө келет экен” деп жоруй баштайт. Анан эле эч ким күтпөгөн бирөө "асмандан" келип отуруп калат.

Биринчи эле суроо ал “каяктык экен?”. Анан күбүр-шыбыр сөздөр, нааразычылыктар тымызын башталып, бара-бара кыйкырык-өкүрүккө айланып, сыртка оргуштап ташкындап чыгат. Эл аны жактаганы бир бөлөк, жактабаганы бир бөлөк болуп, бөлүнүп-жарылып, мамлекетибизде стабилдүүлүк бошоңдойт.

Трайбализм менен жасалма күрөш. Башкача айтканда, “президент бул жактан болсо, примьер тигил тараптан болсун", "министр бул жерлик болсо, орун басары тиги жерлик болсун”. “Түкүнчө аймактан бир дагы киши бийликте болбой калыптыр” деп татыксыз болсо да, зордоп бийликтин бир бутагына киргизилет.

Кадрлардын бат-бат алмашуусу. Эгемен мамлекетибиздин 30 жылдык тарыхында отуз экинчи примьер министр креслого отурду. Орточо эсеп менен алганда ар бир премьер тогуз гана айдан иштеди. Ошону менен кошо бүткүл министрлер кабинети да. Тактап айтканда, мамлекетибиз өкмөтсүз эле иштеди десек болот.

Натыйжада, дүйнөдөгү эң коррупциялашкан 20-30 мамлекеттин катарынан чыкпай келе жатабыз. Мисалы, 2003-жылы 118-орун, 2009-жылы 162-орун, 2015-жылы 123-орун, 2016-2018-жылдары 136-орун.

Сырткы карыздардын көптүгү боюнча союздан бирдей шартта тараган республикалардын ичинде Украинадан кийин (ички дүң продукциянын 80% түзөт) экинчи орунда биз турат экенбиз (ИДПнын 60% ашыгы) кадыресе шартта сырткы карыз ИДПнын 40% ашпаш керек экен.

Бийликтегилердин деңгээли улам барган сайын төмөндөп (деградацияланууда) жатат. Мамлектибиздин саясаты бала бакчадагы эле жаш баланын оюнуна айланды. Элибизде тынчтык болбой, кайра-кайра кайталанган төңкөрүштөр.

Тийгизе турган кесепеттери: коңшулаш жашаган бай мамлекттердин ортосунда мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнө доо кетүү коркунучу.

Мындай оор жагдайдан коррупция жана трайбализмди азайтып, кызматка иш билги, таза кадрларды алып келүү аркылуу гана кутулабыз. Ал үчүн ар бир министирлик жана комитеттер ошол тармакта мурда кийин иштеп кеткен ардагерлердин, министрлердин, окумуштуулардын катышуусунда өз тармагында кадр тандоо боюнча критерийлерди талкууга коюп, жакшылап толуктап, тереңдетип иштеп чыгуулары зарыл. Ошол критерийлер боюнча ар бир мекеменин алган ордун район, облус, республика боюнча аныктап жыйынтык чыгаруу керек.

Мисалы, ар жылы республикабыз боюнча эң мыкты айыл өкмөтү аныкталып баалуу сыйлыктар менен сыйланат. Ал эми акыркы орунду алган айыл өкмөттөр аныкталбайт. Ошондуктан жеке эле алдыңкы орунду алган гана айыл өкмөттөрдү аныктап сый-урматка бөлөбөй, арткы орунду алган айыл өкмөттөрдү да аныктап, анын жетекчисине чара колдонуп же жардам берүү керек. Ошондой эле, артта калган районду, облусту да республика боюнча аныктап, себептерин тактап, аларга да чара колдонуу же жардам көрсөтүү зарыл.

Азыр салтка айланып бараткан жагымсыз каада-салттар көбөйдү. “Аш көп болсо, каада көп” болуп, бир нече жылдап маңдай тер менен иштеп тапкандарына күркүрөтө той беришип, жайлата иштеп тапканын кыштата тойлошуп, жазында ачка калып, иштеп таба албагандары, карыздап же кредит алып, аш-той өткөрүшүп, карызга батып төлөй албай, жакырчылыктын сазына батып жаткандар.

Бул маалымат мүмкүн болушунча өтө так болуш үчүн, комиссия түзүлүп, райондун ичиндеги ар бир айыл өкмөттөн бирден адам комиссиянын мүчөлүгүнө дайындалат. Райондо тогуз айыл өкмөтү болсо, тогуз адамдан турган комиссия мүчөлөрү биргелешип, мезгил-мезгили менен ар бир айыл өкмөттү кыдырышып, тизмедегилерди көзөмөлгө алып турушат. Көзөмөлгө алуунун максаты - жакырчылыктан чыгаруу үчүн жогоруда айтылган себептерине карата кандай чаралар көрүлүп жатат, канча адам жакырчылыктан кандай жол менен кутулду, ошону өз көздөрү менен көрүшөт.

Болбосо айыл өкмөттөр өз айылындагы жакырлардын санын азайтып, жалган маалымат берип коюшу ыктымал.

Бир жылдан кийин жакырчылыктын саны канчага кыскарганы, канчасы жетиштүү маяна ала турган ишке орношкону анализденет.

Жыйналган салыктын суммасы канчага өскөндүгү, ошондой эле мамлекетке салык төккөндөрдүн саны канчага өскөндүгүн да аныктоо керек. Болбосо, айрым айыл өкмөттө жакыр жашагандар көп болгону менен бир эле тың бизнесмен бүт салыкты төлөп салышы мүмкүн.

Анан мамлекеттен алган дотация канчага азайгандыгы, санариптик трансформация программасын колдонуу деңгээли, билим берүү деңгээли (ЖТР, олимпиадалардын жыйынтыгы менен) боюнча жыйынтык чыгарылат.

Аймактарды өнүктүрүү үчүн атаандаштык керек

Саламаттык сактоо айыл өкмөттө калктын ден соолугун чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жана кургак учук сыяктуу социалдык оорулардын саны, балдардын өлүмү ж.б. боюнча ар бир айыл өкмөттүн райондогу ээлеген орду комиссия тарабынан белгиленет.

Акыркы орунду алган айыл өкмөттүн башчысынын иши көзөмөлгө алынат. Кийинки жылы да акыркы орунду алса, “шайлоо алдындагы программасы жалган, жасалма” деп эсептелинип, иштен кетет.

Биринчи орунду алган айыл өкмөттүн башчысы, акыркы орунду алган райондун жетекчилигине дайындалат. Комиссиянын ишине райондун акими жетекчилик кылат жана артта калган айыл өкмөттөрдүн себептерин изилдеп, алардын өнүгүү жолун аныктайт. Ошондой эле, жогорудагы критерийлер боюнча ар бир айыл өкмөттүн облус боюнча, республика боюнча алган орду да аныкталат.

Эгерде облуста беш район болсо, ар бир райондон бештен комиссия мүчөсү тандалат да, 25 адам беш-бештен болуп бешке бөлүнүп, ар бир райондун жогорудагы көрсөткүчтөрү боюнча ээлеген орундарын аныктайт. Эки жолу акыркы орунда калган райондун жетекчиси кызматтан кетет. Анын ордуна облус боюнча биринчи орунду алган айыл өкмөт башчысы келет.

Ошондой эле, республика боюнча да жогорудагыдай жол менен облустардын алган орундары аныкталат. Эки жолу акыркы орунду алган облустун жетекчиси иштен кетип, ордуна Республика боюнча биринчи орунду алган райондун жетекчиси келет. Биринчи орунду алган облустун жетекчиси начар иштеген премьер-министирдин же вице-примьер-министирдин ордуна кандидат. Президенттикке ат салышууга түздөн-түз талапкер.

Кадырбек Жекшелаев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG