Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Коррупция - империяларды тарыхтан өчүргөн


 Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Эрлан Нурманбетовдон келген материалды сунуштайбыз. Сынакка материалдарды кабыл алуу 30-июлда токтотулду.

Өткөн кылымдын 90-жылдары үч-төрт жаштагы бала элем. "Кыргызстан дүйнөдөгү өнүккөн өлкө болот", "Орто Азиядагы экинчи Швейцарияга айланат" деп ошол кезде айтылган сөз, убадалар 30 жыл өтсө дагы эч ишке ашпады.

Ырас, 1990- 2000-жылдардагы арпа, жүгөрү нан жеген, кийим кече жок жашоодон өттүк. Акчаң болсо баары белен, тамак-ашты той ашта катуу ысырап кылган заманга жеттик дечи. Бирок аны чын-чынына келгенде мамлекет эмес, эл өзү курбадыбы ошону. Мамлекетибиз биз бала кезде убадалаган дүйнөдөгү алдыңкы өлкөнү мында кой, Орто Азиядагы эң артта калган мажирөө өлкө бойдон калганын коңшу мамлекеттердин агрессиясы менен пандемия ырастап койду.

Он беш постсоветтик мамлекет ичинен бир гана Кыргызстан 30 жыл ичинде баардык саясий системаны колдонуп көрсө дагы, элдин кыялындагы экономикалык кубаттуу, күчтүү өлкө кура албады. Мунун бир эле себеби бар - жемкорлук!

Бул жемкорлук дегениң 30 жылдык жаш эгемен өлкөнү кой, бир нече материктерди ээлеген зор империяларды тарыхтан өчүргөн эмеспи.

Коррупция жоголмок түгүл жыл өткөн сайын Бишкектин абасындай оорлошуп, жетээр чегине жетип толуп ташып турган кези. Эзелтен бери Батыш менен Чыгыштын акыл каймактарынын изденгени да "канткенде алдым жуттумчулук, паракорчулуктан кутулуп телегейи тегиз жашоого жетебиз" деген ой менен алпурушуп келишкени тарыхта белгилүү.

Томас Морго окшогондор жамандыгы, коррупциясы, эзүүчүсү жок жаңыча бир коому бар “Утопияны” түзүү керек деген эмгегин калтырыптыр. Утопиянын угуту менен удургуган дүйнө коррупциянын тамырын саясий түзүлүштөн, капиталисттерден, жеке менчиктен көрүшүп социалисттик, коммунисттик мамлекет да куруп көрүштү.

Тилекке каршы, "капиталисттерге гана тиешелүү, совет коомунда жок" делинген коррупция так ошол бийлик менен компартияны чырмооктой чырмап, зор империяны кулатып тынды. Ошондон тартып азыркыга дейре бийлигибиз бул “атың өчкүрдү” жогото албай келет. Тескерисинче, “ал атың өчкүр” Кыргызстанды жоготчудай абалга келип жеткен чагыбыз.

Бүгүн биздин “коррупция кыргызга Батыштан келди, болбосо ата-бабабыз укмуш акылдуу, сатылбаган, таза болушкан” деп кыйкырып жатканыбыз жөн гана былжыраган кеп. Көрсө, кезинде Кытай менен Рим императорлорунун үшүн алган аталарыбызды согушта жеңе албаган душмандары пара менен жеңишиптир. Аттиллага нечендеген баалуу мүлк анан император кызын токолдукка берүү менен Батыш Европа чоң кыргындан калган.

Аттилла токолу уулантып жан таслим болуп, саясий максатына жете албай калганы кийинки түрк башчыларына дегеле сабак болбогон эмес. Алар душман тараптан токол алгыч болуп чыга келип, кийин токолдон ажалын таап, түрк дүйнөсүн бүлүнтүп чачышты. Кыскасы, кылыч кеспегенди коррупция кесиптир.

Эмесе, абалтан азыркыга дейре элибиздин ырысын кесип, кутун качырган коррупцияны кантип токтотуп, мекенибизде жаркын келечек орнотконго жетишүүнүн жол жоболору тууралуу жеке оюмду сунуштасам.

Аң-сезим

Дээрибизде болмоюн мыйзамың да, парламентиң да, диниң керек болсо кудайың ж.б да жардам бере албасын айтмакчымын. Бүгүн кыргыз коомуна алдыга сүрөгөн жакшы сөздөр, идеялар жетишпей жатат.

Учурда ММКларда талап тоноо, зомбулук сындуу гана негативдер жазылып, бул элибизди уулантуу менен жаман жакка гана сүйрөп бара жатат. Коррупция менен күрөшүү үчүн адегенде мына ушуларды ооздукташ зарыл.

Алардын ордуна Т.Эгембердиев, А. Салымбеков сындуу улуттан чыккан жаратман адамдарды жазып, жаштарды келечекке шыктантуу жагын жазуучуларга да, ММКларга да жүктөп аларды көзөмөлдөө керек. Окурман бул нерсенин коррупцияга каршы эмне тиешеси бар деп жаткандырсыз. Чынында баардык маселенин тамыры мына ушул кенедей нерседе. Маселен, 15 түркүн улуттан күч менен куралган СССР ушул ыкманы ММКсы, жазуучулары менен пропагандалап отуруп кандай күчтүү, ак ниет адамдарды, коомду курганга жетишкен.

Же болбосо бүгүнкү Кытайдын укмуш өнүгүүсүнүн себеби - темирдей тартиби, анан так ушул эң жөнөкөй биз маани бербеген нерседе. Кытайдын маалымат булактарын карап биздики менен салыштыргылачы. Кыргыз ММклар ушактоо, жамандоо, саясий кырчылдашмайларды берип жатса “Жуңго терезесинен” жалаң демилгелүү, элде жок нерсени ишке ашырган адамдар тууралуу берүүлөр. Аны көргөн соң тоону томкоргуң келет тим эле.

Ээн ооз ММКлардын ордуна Кытай, СССРдикиндеги тажрыйбаны пайдалансак учкун жетишпей турган жаштарыбыз заматта жемиштүү иштерди жасап кетерине бөркүмдөй ишенем. Мындай коом бар жерде коррупциячыл бийлик, Ленин айтмакчы “эскиче башкара албай” калат.

Реформа

Экинчиден, кыргыз элин жаркын келечегине үгүттөө менен эмгек бириктирет. Бул дагы СССРдин тажрыйбасынан белгилүү. Өткөн кылымдын 20-30-жылдары тышкы душмандары тараптан таптакыр блокадада калып, тыштан эч кандай инвестиция кирбеген СССР өкмөтү элди уюштуруу менен каражат чогулутуп мамлекетке киреше алып келген эң ири долбоорлорду бүтүргөн. Бүгүн бизде элге ички резерв катары таянуу, элдин мүдөөсүндөгү кызыкчылык таптакыр жок. Тескерисинче, анча мынча инвестиция үчүн элибизди талап тоноп жатышат.

Үчүнчү, бийликтин бутактарын эл жалпы шайлаган менен кандай адам келээрин партия тандаган системадан кетүү абзел. Же болбосо кечээ жакында эле жоюп салышкан мажоритардык системаны шайлоого киргизүү. Ошондо чыныгы кадрлар элдин колдоосу менен бийликке келе алмакчы.

Төртүнчү, админстративдик территориялык реформа жасап, артыкбаш түзүлүштөрдү кечиктирбей жоюу. Топусун жоготкон торгой аны алыш үчүн нечендеген жаныбарларга барган жомокту эскерген айыл, районго, облуска, тиешелүү министр, губернаторго анан ЖоКеге, президент сындуу иерархияны баскан бюрократиялык баскычты жоюп айыл-район, президент деген ыраатуулукка алып келүү.

Бешинчиден, тартип коргоо органдарынын кызматтан көтөрүлүүсүн алардын ачкан кылмышынын санына карата баалаган эски советтик системаны алып салуу. Канчалаган укук коргоочулар зар какшап келе жаткандай ушундан улам бейкүнөө бечералар азаптанып жатышат. Ордуна адискөйлүккө негизделген жаңы системаны киргизүү. Болбосо бул тармакты санариптештирүү, видеокөзөмөл коррупцияны жоёт деген уккан киши күлө турган нерсе. Програмалык коррупция деген жаңычыл коррупция жаралып гүлдөмөкчү.

Жаза

Алтынчыдан, "баарын атуу керек" деген көз караштар да бар. Бул туура эмес себеби революциячыл француздардын гильётинасынан, коммунисттердин репрессиясынан канча мыкты адамдар өлдү. Канчасы чет өлкөгө чыгып кетти.

Азыр алар бул чалагайым саясатта каймактарды жоготтук деп өкүнүп келишет. Андыктан биз ашынган жалпы элге оор кылмыш кылып жек көрүнгөнүн үй-мүлкүн конфискациялап, өздөрүн камап оор иштерге иштетүү абзел. Калгандарын оор салыктарга милдеттендирип, жалпы элге иштеп бергидей шарт коюш.

Бийлик жүргүзгөн коррупцияга каршы күрөштө “Айран ичкен кутулат, челек жалаган тутулат” болуп коррупциянын көзүрлөрү эмес, карапайым мугалимдер кармалганы туура эмес. Ошондуктан ана башыларын жазаланмайын эч жылыш болбойт.

Улуттук кызыкчылык

Жетинчиден, баардык нерсе улуттук кызыкчылыкка негизделиши шарт. Себеби, так ушул улуттук кызыкчылык жогунан бизде революция да болду, коррупция да гүлдөп келет.

Ал эми улуттун кызыкчылыгы баарынан бийик турган өлкөлөрдө паракорчулук жокко эсе. Маселен, улуттун баалулуктарын туу тутуп, оңчулдар менен солчулдардын жетишкендигин гана алган этноцентристтик Жапония кандай гүлдөп турат.

Ал эми улуттук баалуулгун чанган Кытай маданий, тарыхый жактан азабын азыркыга дейре тартууда. Кытай качан гана Конфуцийине кайрылган соң гана азыркыдай кудуреттүү абалга жетти.

Бизде да ушул сындуу өзүн өзү таануу маселеси жыл сайын ачык көтөрүлүүдө. Ал тургай кыргызды өнүккөн мамлекетке айлантуу үчүн тарыхчы Ч. Өмүралиев, социолог К. Исаев ж.блар сунуштаган улуттук өзгөчөлүктөрдү коомдук, саясий башкарууга аралаштырсак деп оюмду жыйынтыктамакчымын.

Эрлан Нурманбетов

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG