Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

Кыргызстан АКШдан бир катар тармактар үчүн жардам сурады


Бакытбек Аманбаев жана Жим Куликовски. 2021-жылдын 6-августу.
Бакытбек Аманбаев жана Жим Куликовски. 2021-жылдын 6-августу.

Кыргызстан бир катар системалык реформаларды жүргүзүү үчүн АКШдан колдоо күтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы элчиси Бакытбек Аманбаев Мамлекеттик департаменттин Европа жана Евразия бюросунун аталган аймактарга колдоо көрсөтүү боюнча координатору Жим Куликовски менен жолугушууда айтканын Тышкы иштер министрлиги 9-августта билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Аманбаев Кыргызстан мамлекеттик башкаруу, экономика, сот системасы, энергетика жана билим берүү тармактарында реформа жүргүзүүгө белсенип жатканын айткан. АКШ өкмөтүн ушул багыттарга жардам берүүгө чакырды.

Ошону менен катар элчи Кыргызстандагы билим берүү долбоорлоруна, жогоруда аталган тармактарда иштеген адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга колдоо көрсөтүүнү суранды.

Куликовски АКШ тарап жардам берүүгө даяр экенин, Кыргызстанда демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүү үчүн колдоосун аябай турганын айтып, пландалып жаткан реформалар өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыз кыларына ишенерин кошумчалады.

Коронавируска каршы биргелешип күрөшүү жолдору да талкууланып, АКШ тарап вакцина жагынан жардам уланарын билдирди.

Аманбаев АКШга элчи болуп быйыл апрель айында дайындалган.

Өткөн аптада ал АКШнын Эл аралык билим берүү боюнча кеңештеринин стратегиялык өнүгүү боюнча вице-президенти Майкл Кёртис менен жолугушкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG