Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

"Айчүрөк" соода борборун милиция курчоого алды


"Айчүрөк" дүкөнү. 2021-жылдын 9-августу.
"Айчүрөк" дүкөнү. 2021-жылдын 9-августу.

Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун имараты 9-августта кечки саат беш чамасында милициянын курчоосуна алынды. Борбордун ичиндеги адамдар эвакуацияланып, жанына эч кимди жолотпой жатышат.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы саат 16:10до милицияга аталган дүкөндө кара кийинген, колуна баштык кармаган, шектүүдөй көрүнгөн аял жүргөнү тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди. Тийиштүү кызматкерлер дароо ошол жерге барышкан жана адамдар коопсуздугу үчүн сыртка чыгарылган.

"Учурда ар жерде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлри иштеп жатышат" деди райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Ал эми дүкөндүн администрациясы билдиргендей, белгисиз бирөө милицияга анонимдүү түрдө телефон чалып, дааратканалардын бирине жардыруучу каражат коюлганын айткан.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары ичинде адамды барымтага алуу сыяктуу окуя болгонун жазып жатышат. Расмий түрдө бул маалымат такталган жок.

“Айчүрөк” - борбор калаадагы ири дүкөндөрдүн бири. Ал “телефондук террористтердин” бутасына айланган учурлар буга чейин бир нече жолу катталган. (BCh/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG