Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Түркмөнстан: жарандар VPN колдонбойм деп Куранга ант берип жатышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстанда бийлик үйүнө Интернет койдурууну каалаган жарандарга VPN кызматын колдонбоого Куранга ант берүүсүн талап кылып жатышат.

Бийлик буга чейин Интернетти чектөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуп келген. Интернеттин ылдамдыгы бул мамлекетте ансыз да өтө жай.

Бийлик буга чейин Интернетти чектөө максатында Rohde & Schwarz немис компаниясы менен кызматташып келгенин «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы аныктаган.

Ал арада Түркмөнстандын Интернет эркиндиги боюнча дүйнөдө эң акыркы орундардын бирин ээлейт. Август айынын башында Интернет-технологиялар жаатына адистешкен Comparitech басылмасы жарыялагандай, Түркмөнстан Интернеттеги цензура жагынан Беларус, Иран, Кытай, Түндүк Корея жана Сирия менен бир катарда турат.

Түркмөнстанда Facebook, Twitter, YouTube сыяктуу социалдык тармактар ачылбайт

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG