Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

Түркия: суу ташкыны менен жер көчкү 57 кишинин өмүрүн алды


Түркиядагы суу ташкыны.
Түркиядагы суу ташкыны.

Түркиянын Карадеңиз жээгинде болгон суу ташкын менен жер көчкүнүн кесепетинен жеке турак-жайлар кыйрап, жолдор бөгөлдү. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Бир нече күндөн бери Түркиянын Карадеңиз жээгинде жайгашкан Кастамону, Синоп жана Бартин провинцияларында суу ташкын болуп, айрым аймактарда жер көчкү жүргөн.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча Кастамонуда 48, Синопто 8 жана Бартинде бир киши каза болду.

Кастамону провинциясынын ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча жаратылыш кырсыгынан кеминде дагы 77 киши дайынсыз. Аларды издөө издөө иштери жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG