Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

Орусия: аянт жөнүндө билдирүү жазган мугалим тергөөгө чакыртылды


Орусия. Новосибирск шаары.
Орусия. Новосибирск шаары.

Новосибирск шаардык ачык коллежинин директору Сергей Чернышев Свердлов аянтын Невский аянты деп өзгөртүү боюнча жазган билдирүүсү үчүн Тергөө комитетине чакырылганын "Фейсбук" баракчасына жазды.

Чернышев ага карата “улутчулдукту калыбына келтирүү” беренеси боюнча текшерүү жүрүп жатканын белгиледи.

Быйыл июнь айында коллеждин директору Сергей Чернышев Новосибирск облустук кеңешинин вице-спикери Андрей Панферовдун Свердлов аянтына Александр Невскийдин ысымын ыйгаруу тууралуу сунушуна карата билдирүү жазган болчу.

“Свердлов менен Невский экөөнүн бирин тандоо – террорист менен коллаборационистти тандоо менен барабар. Биринчиси революциянын шары менен кокустан бийликке келген кадимки бандит болсо, экинчиси наам үчүн баскынчылырга сатылган коллаборационист. Бул экөө тең совет доорундагы үгүт машинесинин фантазиясы”, - деп жазган болчу Чернышев.

Новосибирск шаардык ачык коллежинин директору Сергей Чернышев кесиби боюнча тарыхчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG