Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

БАЭден Кыргызстанга өкмөттүк делегация келет


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) өкмөттүк делегациясы Кыргызстан менен соода-экономикалык алаканы жакшыртуу жана кыргыз тараптын инвестициялык долбоорлору менен таанышуу максатында жакын арада келет. Бул маалыматты БАЭнин шейхи Мухаммед бин Заид бүгүн, 16-августта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда билдирди. Сүйлөшүүдө тараптар соода-экономика жана инвестиция чөйрөсүндөгү кызматташууну өнүктүрүү, коронавируска каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулады.

Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы саясий кызматташтык туруктуу деңгээлде өнүгүп жатканын белгиледи. Ошондой эле, БАЭ менен эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүү жана достук мамилени чыңдоо максатында шейх Мухаммед бин Заидди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Шейх Мохаммед бин Заид Аль Нахаян Садыр Жапаровдун чакыруусун кабыл аларын билдирип, Жапаровду да БАЭге чакырды.

Бириккен Араб Эмирлигине расмий сапар менен акыркы ирет Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы декабрда барган.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын расмий маалыматына караганда, 2011-жылы эки өлкөнүн ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү 300 млн. доллар болгон, ал эми 2015-жылы 100 млн. долларга араң жеткен. Андан берки соода алаканын жыйынтыгы тууралуу расмий маалымат жок.

Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы дипломатиялык алака 1996-жылы, августта түзүлгөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG