Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Өзбекстандын муфтийи Усманхан Алимов кайтыш болду


Ташкент. Өзбекстандын Дин иштер башкармалыгынын  башчысы, муфтий Усманхан Алимов.
Ташкент. Өзбекстандын Дин иштер башкармалыгынын  башчысы, муфтий Усманхан Алимов.

Өзбекстандын Дин иштери башкармалыгынын башчысы, муфтий Усманхан Алимов 71 жашында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн өттү.

Башкармалыктын басма сөз кызматынын маалымдашынча, Алимов өпкө оорудан улам Москвадагы клиникалардын биринде дарыланып жаткан. Дарылануу учурунда анын өпкөсү кагынып, оорусу күчөп кеткен, анын кесепетинен көз жумганы кабарланды.

Усманхан Алимов 1950-жылы Самарканд облусунда туулган. Ал Бухарадагы медресени аяктап, андан соң Имам аль-Бухари атындагы Ташкенттеги Ислам институтун артыкчылык менен бүтүргөн. 1990-жылы Мароккодогу Каравийин жогорку диний окуу жайында билимин уланткан.

Андан кийин Самарканддагы Имам аль-Бухари мечитинин имамы, облустун казысы кызматын аркалап жүрүп, 2006-жылы Өзбекстандын Дин иштери башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.

2018-жылы Алимов дүйнөдөгү эң таасирдүү 500 мусулмандын тизмесине киргизилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG