Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Учур жана келечек алдындагы кымбат жоопкерчилик


Мамлекеттик туу күнүн белгилөө, Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Мамлекеттик туу күнүн белгилөө, Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Көз карандысыз, өз алдынча мамлекет - Борбордук Азиядагы байыркы элдердин бири кыргыздардын түп максаты, улуттук идеясы. Ушул идея, пассионардык мотивация ар кай мезгилде ар түрдүү кармашта элдин элдүүлүгүн сактап, кыргыздын тарыхый аренада барчылыгын аныктап келген фактор.

Кыргыздардын ар бир мууну ушул миссияны моюнуна алып, ар бир мууну тарыхый шартка, кырдаалга жана өз дараметине жараша аткарып келген. Биздин муундун маӊдайына жазган миссияны кандай аткардык? Буга жоопту тарых берет, кийинки муун баасын берет. Албетте, эгер ошого чамасы жетсе. Канткен күндө да эркин мамлекеттүүлүккө жаңы шартта жетишүү эбегейсиз жеңиш. Эркиндик жана суверенитет тарых, учур жана келечек алдында кымбат жоопкерчиликти билдирет жана жогорку күчкө ээ.

Мындан 31 жыл мурда, 1990-жылы 15-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети “Мамлекеттик суверенитет жөнүндө декларация” кабыл алган. Суверенитет тууралуу ушул жогорку актыга таянып, 1991-жылы 31-августта Көз карандысыздык жөнүндө декларация кабыл алынат да, анын биринчи беренеси Кыргызстанды эркин, көз карандысыз мамлекет деп жарыялайт. 1991-жылы президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен Көз карандысыздык жөнүндө декларацияга конституциялык мыйзам статусу берилет. Ошентип 31-август Көз карандысыздык күнү деп расмий эсептелет.

Мына ушул документтер көз карандысыз, эркин мамлекеттин түптөлүшүнө жол ачкан, чечүүчү мааниге ээ юридикалык, саясий, тарыхый актылар. Көз карандысыздыктын жарыяланышы Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулукка өз алдынча өлкө катары таанылышына, дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнө, эл аралык мамилелердин субъектисине айланышына, улуттук мамлекетти курууга негиз болгон.

Бул актылар ушул өлкөнүн жарандары үчүн нравалык баалуулук болууга тийиш. Бакыт деген бул ири алдыда сезим, туюм, кабылдоо.

Көз карандысыз, эркин мамлекеттин жараны болуу бактысын сезеби калкыбыз? Не мамлекеттин аты аталган кыргыз, өз алдынча мамлекетке тарыхый укугу бар, суверендүү Кыргызстандын түпкүлүктүү улуту болгон эл, не башка улуттар ушул мамлекеттин жараны болгону үчүн сыймыктанабы? Улуттук иденттүүлүк менен жарандык иденттүүлүктүн катышы кандай? Кандай муун калыптанды? Кимди тарбиялап жатабыз? 30 жыл ичинде биз жарытылуу билим, ырыстуу тарбия бербеген муундун тагдыры кантет? Ошол муун өлкөнү кайда алып барат? Кайда барат?

Эч кимибиз толук, даана билбейбиз. Жол чалып, болжоп, иликтеп да көрө элекпиз. А негизи калктын маанайы, сезим-туюму, багыты, күтүүсү, эңсөөсү, тандоосу, ишеними, барктаган же садага чапканга баалуулуктары, кадырлаган дөөлөттөрү же улагадагы көр буюму, ичкен ашы, ээлик кылган ырыскысы же колдон учурган оокаты сыяктуу нерселер ар бири жана өзүнчө кылдат, терең изилденүүсү абзел эле. Тилекке каршы, андай изилдөө жүргүзө элекпиз. Мындай изилдөө ар дайым керек. Ошого жараша иш кылганыбыз оңдуу.

Отуз жыл - оңой убакыт эмес

30 жыл ичинде Кыргызстан жарыяланган суверенитетти жана көз карандысыздыкты, эркиндикти реалдуулукка айлантууга карай азаптуу жолду басып келүүдө. Бүтүндөй өлкө тургай, караламан адамга эч нерсе оңой менен колго тийбейт. Ал эми эркиндик эч кимге эч качан бекер бериле турган оокат эмес.

Адамга күн сайын адам болуу кандай кыйын болсо, суверенитетти, эркиндикти, көз карандысыздыкты да ар бир жолу, улам бир окуяда далилдеп, дүйнөнүн ар кайсы жеринде коргоп, талашып турушубуз керек. Эркиндиктин жүгү оор, түйшүгү арбын, наркы кымбат, куну баа жеткис.

Абалтадан ушундай, азыр да ошол, эртең да ушундай болмогу анык. 30 жыл оңой убакыт эмес. Чоң мерчем, далай убакыт. Биз баарын талдап, эстеп, салмактап, эмнеге жетип, эмнеден ажырадык, ким элек, ким болдук, кайда элек, кай жерге келдик, кайда баратабыз деген терең ой толгоо болууга тийиш.

Биз 30 жыл ичинде көп нерсеге ээ болсок керек. Ийгиликтерге да жеткен учурлар болду. Нарк экономикасына баш бактык, элибиз көп нерсеге үйрөндү, соода бизнесин өздөштүрө баштады, дүйнө коомчулугуна акырындап интеграцияланып жатабыз, финансылык институттардын калыптануусуна шарт түзүлдү, глобалдык жана регионалдык уюмдарга мүчө болдук, эл аралык укуктун субъектисине айландык, көркөм өнөрдө, адабиятта, илимде бир топ ийгиликтер жаралды.

Айыл чарбасы реформаланды. Дыйкандар жерге, малга, изденип отурушуп кыйла тажрыйбага ээ болду. Бирок агро өнөр жай комплекси комплекс болбоду, айыл чарба реформасы улантылбады. Кай жерде токтосо, ошол жерде калды. Технологиялык модернизация ишке ашпады. Жарандык коом калыптанды, баары жаман болду деш натуура. Демократиялык институттар калыптанып калды.

Талап-тонолгон байлык

Экономика кыйла өзгөрдү. Албетте, ИДӨ 1991-жылга караганда 100% өстү. Ички дүң өнүмдүн өсүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш – жамбаштап жатып алсаң деле көлөмү өсө турган объективдүү кубулуш. Бирок экономикада технологиялык жетишкендиктерди айта албай турабыз.

Ал тургай "википедияны" ачсак эле дароо "экономикасы алсыз, деиндустриализацияны башынан кечирген чабал, жакыр өлкө" деген аныктама көзгө урунат.

"В 1991-2011 гг. вся промышленность страны пострадала и сейчас не достигла и 50% валовой продукции промышленности 1991 г.", - бул белгилүү экономист Т. Койчуевдин эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата изилдөөсүндөгү тезис. Урматтуу академик фактыларга таянып, абдан туура белгилеген. Ал эми 1991-жылга чейинки өнөр жайдын структурасын, тышка чыгарган өнөр жай продукциясынын түрүн алсак, анда сөздүн чыныгы маанисинде деградацияга жеткирдик.

Приборлорду, электротехникалык товарларды, космостук аппараттардын айрым деталдарын чыгаруучу, машина куруучу ондогон заводдор, була, кендир, тери, пахта, жибек, жүн, жашылча-жемиш ж.б. толгон-токой айыл чарба азыктарын кайра иштетип, кездеменин жана кийимдин түрүн чыгарган ишканалар менчиктештирүүдөн кийин соода борборлоруна айланды.

Товар өндүрүүчү ишканалар түзүлбөдү, жашоого керектүү буюмдардын дээрлик 90% тыштан импорттойбуз. Бизге чейинки бир нече муун түптөп кеткен байлыкты эмдигиче талап-тоноо менен алекпиз. Кыскасы, балтаны да, сабын да тыштан импорттоп калган абалга кептелдик.

Жашоо деңгээл жогоруладыбы?

Ооба. Эл тышкы дүйнөнү тааныды, маалыматы, дүйнө таанымы кеңейди. Глобал ааламга сүңгүдү. Натыйжада, айлана-чөйрөгө көз карашы, тиричилик ыңгайы, жашоо маданияты, ичкен-жегени кыйла өзгөрдү. Жашоо, турмуш стандарты тышкы таасирлерден улам жакшырды. Глобалдашкан дүйнөдө башкача болушу мүмкүн эмес эле. Бирок калк мүлктүк теңсиздикке учурап, социалдык ажырым, бай менен кедейлер ортосунда жарака, антагонизм күчөй баштады.

Социалдык теңдиктин социалисттик үлгүсү кыйрап, жапайы капитализмдин көрүнүштөрү кыргыз кыртышында Батыштын түшүнө кирбеген кесепеттер менен коштолууда. Улам бир бийлик күч менен алмашып, президенттер качкан окуяларды көбүнесе саясий себептерге байланыштырышат, ал тургай айрым саясатчылар революцияны "мен жасагам" деп төш кагышат.

Чындыгында ар кандай жапырт нааразычылыктардын түп себеби элдин жакырчылыгы, калктын турмуштук кыйынчылыктары, социалдык теңсиздик жана адилетсиздик экенин тарых кайра-кайра тастыктаганын койбоду, а биз сабак алганга моюнубуз жар бербеди же акылыбыз жетпеди.

Социалдык прогресс индекси (The Social Progress Index) боюнча Кыргызстан дүйнөдө 89-орунду ээлейт. 50 көрсөткүч менен аныкталуучу бул индексте ушул орунга жетишибизге таза суунун жетиштүүлүгү, сөз эркиндиги, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү сыяктуу көрсөткүчтөр себепкер. Ал эми адамдын өнүгүү индекси боюнча (Human Development Index) 189 мамлекеттин ичинен 120-орундабыз, өтө жогору, жогору өлкөлөргө кирбейбиз.

Бирок далай нерсени кармашпай туруп бере салыптырбыз, көп мүмкүнчүлүктү пайдаланбаптырбыз. Кармашпай багынып, салгылашпай туруп жеңилген учурлар да бар экен. Ар бирин узун сабак сөз кылып, санап берсек болот эле. Бирок бир-экөөнү айтайын. Мисалы, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна КМШ мамлекеттеринин ичинен алгачкы кирген өлкө элек (1998-жыл, ноябрь). Бул убагында чоӊ жеңиш болгон. Казакстан менен Өзбекстан кире элек, Орусия өзү баш болуп 2012-жылы зорго кирди.

Кашайып, бул глобалдык соода уюмунун мүмкүнчүлүктөрүн, нечендеген жеңилдиктерин 20 жыл бою эч пайдаланбастан, Евразия экономикалык бирлигине жетеленип барып кошулдук. Болуптур, ушул уюмга кирүүнү демилгечилеринин оюна ишенип, мыкты экен дейли. ЕАЭБ уюмуна киргенибизге бир нече жыл аяк басты, бирок пайдасы мына деген факт, кашкайган далилди ким даана көрсөтөт? Тескерисинче, соода-экономикалык эркиндигибиз кыйла чектеле түшкөнсүдү.

Кармашканды койдум, кенедей аракети жок ээлик кыла албаган дөөлөттүн анабашы – суу. Кыргызстанда социалдык-экономикалык өнүгүүгө шарт түзгөн, чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбага негизделген укуктук пайдубал түптөлдү. Ушунча көп, мыкты делген мыйзамдарды кабыл алып, стратегиялык байлык болгон суунун башын ачып албаптырбыз. Сууга ээлик кылуунун, пайдалануунун не мыйзамдык, не технологиялык-өндүрүштүк, саясий-дипломатиялык негиздерин түптөгөнгө чамабыз да, эркибиз да жетпеди, атаганат.

Кыргызстандын дүйнөдөгү орду

Тышкы саясатта, эл аралык маселелерде алгачкы жылдары бир топ абройго ээ болуп, сөзүбүз өтүп, кебибизди тыш дүйнө угаар эле. Төр болбосо да улагадан жогору орун ээлей баштаганбыз. Бизге ишеним арта баштаган мамлекеттер тобу калыптанып калган. Чыгышында да, Батышында да. Ал тургай бир эмес эки ирет ортомчулук озуйпа аткарып, кадырыбыз арта түшкөн.

Глобалдык жана регионалдык мейкиндиктерде демилгелерибиз менен сунуштарыбыз колдоого алына баштаган. Чет элдик дипломаттар менен ар түрдүү форматта, түркүн форумдарда кездешкенибизде, талашып-тартышканыбызда, биздин өлкөгө, биздин элге кадимкидей сый мамилени, кадырлоону даана сезер элек.

Эки өлкөнү кырды-бычак кылган, кан төгүлгөн Тоолуу Карабак жаңжалын басууда жана атуулдук согуштан эбегейсиз азап чеккен Тажикстанда тынчтыктын орношундагы Кыргызстандын ролун эч ким тана албайт. Бирок жакшылык тез унутулат, жамандык эстен чыкпайт тура. Атаганат, ошол саясий-дипломатиялык капитал колдонулган жок. Текке кетип барат, кайран эмгек, унутулуп барат данакерлик, угулбай барат сунуштарыбыз.

Ички жана тышкы саясатта эркиндик, көз карандысыздык тууралуу сөз кылуу кыйын. Албетте, ар кандай ири мамлекеттер таасирин арттыргысы келет. Атаандаштык болуп келген. Мындан ары дагы курчуйт. Ким эле өз ырыскысын тарттырып, кубатын кемиткиси келиптир. Айыгышкан кармашта керек болсо согушат, санкция киргизет, экономикалык блокада уюштурат, саясий кысым, ички кутум уюштурат. Абалтан келаткан көрүнүш бу.

Бирок биз ошол таасирлерге өзүбүз ыктап, жол берип, алардын биздин ички ишибизге жана тышкы алакаларыбызга орой, агрессивдүү кийлигишүүсүнө шарт түздүк.

Аймактык бүтүндүк суверенитеттин негизги белгилеринин бири. Чек араларыбыз эки коңшу мамлекет менен толук чечиле элек.

Азыраак билим, арбын акчага алынган диплом

Капитал демекчи, адам капиталынын “физикалык көлөмү” өстү. 1989-жылкы эл каттоо боюнча кишинин саны 4,3 млн болсо, азыр 6 миллиондон аштык. Башка чукак аз элбиз, өзүбүз менен өзүбүз көбөйдүк. Бул салыштырмалуу жетишкендик, анткени калктын саны табигый өсүш.

1990-жылы республикада 9 жогорку окуу жайы болсо, азыр 54. Анын ичинен 33 окуу жайы жеке менчик. 30 жыл мурда 58,8 миң студент окуса, азыр студенттердин саны 200 миӊден ашык. Анын 10 миңден ашыгы менчик университеттерде.

Билим берүү ички бизнеске айланып, азыраак билим, арбын акчага диплом, анысы да тышта жараксыз, конвертацияланбаган түстүү кагаз берилет. Дипломдуу жаштардын саны арбыды, бирок билимдүү, функционалдык жөндөмгө ээ адистер катмары жарала элек. Демек билим берүү системасын кайра баштан оңдоп чыкпасак, эртеңки күнү эркиндик менен суверенитетке шек келери турган иш. Тарыхый тажрыйба ушундай.

Улуттук суверенитет ошол улуттун, мамлекетти түзгөн элдин өз тагдырын өзү аныктоо, өз мамлекетинин ички жана тышкы мамилелерде, анын аймагында өз мыйзамдарынын үстөмдүгүн билдирет. Эгемендүүлүк улуттук иденттүүлүктүн өбөлгөсү, зарыл шарты.

Суверенитет менен көз карандысыздык, эркин мамлекеттүүлүк конкреттүү мазмунга ээ болууга тийиш. Суверенитет, көз карандысыздык күнүгө сыналып турат. Ар дайым, ар бир жаранга карата жана биздин өлкөгө тиешеси бар бардык жерде. Ушу илдет убагында тыштан сүрүлүп, кодуланып, ата журтуна, өз мекенине кайткан атуулдарыбызды киргизе албай, киргизгибиз келбей, “жүргүлө ошол жакта, биз биякта жыргап жатыптырбызбы” деп үмүтүнө суу сээп, назарын сындырганыбызды ким унутат. Унутабы ошолордун балдары?

Өткөндүн сабагы, келечекке ишеним

Чыныгы суверенитетти жана эркиндикти камсыздай турган экономикалык түзүлүштү кура албадык. Өлкөнүн жердеги, жер астындагы жана үстүндөгү, агып турган байлыктарына ээлик кылуу жана иштетүү маселеси өнүгүүнүн, мамлекеттин байлыгын арттыруунун фактору эмес, саясий туруктуулукка шек келтирген, социалдык чыӊалуу жараткан маселеге айланды.

Соода-экономикалык алакада паритеттүү, тең ата мамиле түптөй албадык. Тышкы карыз эбегейсиз өстү. Алигиче эң жакыр өлкөлөрдүн катарындабыз. Элди муктаждыктан, жокчулуктан камсыздоо милдети туру алдыбызда.

Мамлекеттик башкаруунун системасын түзө албадык. Ылайыктуу формасын таап, мазмунун аныктоо зарыл. Аймактык-административдик реформаны көп жыл кеп кылып, маселесин чече элекпиз. 30 жыл ичинде айыл менен шаардын ортосунда айырмачылыкты “жойдук”. Тагыраагы, борборубуз ордо шаар эмес, кунары качкан чоң кыштактын кейпин кийди.

Башаламан курулушунан да шаар калкынын маданияты кескин төмөндөдү, интеллектуалдык деңгээли түштү. Бирок ушунун өзү жаңы ордо шаар куруу маселесин актуалдаштырды. Эртеби-кечпи, акыры ошого келебиз.

Өлкө ичинде ийгиликке жетүү же бийлигин сактап калуу үчүн тышта кол куушуруп, өлкөнүн аброюн, беделин, байлыгын, айтор баардык кызыкчылыктарын садага чапкан башчыларыбыз да болду.

Бийликтин куту качып, таштай качма, тартып алма, кубалап жиберме, сөзү жерде калма огожого айланып барат. Өзүн “элита” атаган, коомдун материалдык байлыгын ээлеп алган легитимсиз башкаруучулардын катмарын, мыйзамсыз байыган олигархтардын уюшма кастасы түзүлө баштады. Элдин бийликке ишеним азайды.

Элита калыптанбады, бирок уядан көргөнү ырыстуу эмес катмар, өлкө ичинде бийлик менен байлык талашта алдына киши салбаган “кыйын” муун пайда болду. Биз каалайбызбы же жокпу, айтор өлкө, жер, журт, элдин тагдыры, ырыскысы ошолордун колуна өтөт. Улуттук мамлекет куруунун ордуна улам Конституцияны өзгөртүү, бийликти күч менен алмаштыруу адатын калыптандырып алдык.

Эмнеге жеттик?

Асан кайгы боло бербей, ийгиликтерди издеп көрдүм. Кудайга тобо дейли, 30 жыл ичинде көп эле жакшы иштер болгон экен. Анын баарын терең талдап, кемчиликтерибизди моюнга алып, жыйынтык чыгарышыбыз керек. Коңшуларыбыз деле асман чапчып, айга кол сермеген ийгиликтерди жаратпаптыр. Бирок кыйынсынып, кыр көрсөтүп келишет.

Борбор Азиянын жана Түштүк-Чыгыш, Чыгыш Европанын биз менен удаа көз карандысыздыкка жеткен өлкөлөрүнүн бир тобу биз сымал кыйналып турган кези. Ал тургай кубаттуу мамлекеттердин камкордугуна бөлөнгөндөрү деле өз аракети аздыгынан улам алдыга озбоптур. Бирок аракети күчтүүлөрү гана сап башында экен.

Элибиздин жакшы жашоого тарыхый, моралдык жана саясий акысы бар, татыктуу. Башынан нечен азап-тозокту көрдү. Журтубуз нечен сыноону, не бир түркүн экспериментти башынан кечирди. Дагы элге рахмат, биротоло мөгдүрөп калган жок. 30 жыл ичиндеги негизги жетишкендиктин бири – алган сабагы, алдыга умтулуусу, өчпөгөн үмүтү, келечекке ишеними. Дал ушул нерселерди бекемдеп алмагыбыз абзел.

Өлкөнүн потенциалы жетиштүү, эли эмгекчил жана намыскөй, билимдүү муун аренадан кете элек. Өлкөдө табигый байлык, экономикалык ресурстар жан башына ченесе калкынын саны бизден алда-канча көп өлкөнү гүлдөтүүгө жетет. Географиялык шартыбыз жаман эмес, мыкты. Конституция да айыптуу эмес.

Демократиялык институттар калыптанып калды. Ушундай эле саясий система, мамлекеттик түзүлүш, ушундай эле конституция менен биздикинен алда канча кичинекей аймакта жашаган, калкынын саны биздин бир өрөөнгө тең келбеген, кен байлыктан кур жалак өлкөлөр жакшы турмуш кечирип, тың оокат кылып, бардар жашап, дүйнөгө таасир этет, алардын эл аралык аренада таасири бар. Кыскасы өткөнгө, коңшуларга, географиялык абалга жана башка көрүнгөн нерсеге шылтабай, келечекке оодара салбай, жоопкерчиликтен качпай, толук суверенитетти, чыныгы эркиндикти камсыз кылууга шарттар жетиштүү.

Кеп жоопкерчиликте, абийирде жана акыл-билимде. Калганынын баары бар. Менин жерим болсо экен деп эӊсегидей керемет жерди мурастап калган элдин ырыскысын кеспей, суверенитет менен эркиндикти бекемдөө, көз карандысыз кыргыз мамлекетин куруу озуйпасы ар бирибиздин моюнубузда. Биз, өзүбүз, азыр жана ушул жерде өлкөбүздүн көзкарандысыздыгын жана суверенитетин реалдуулукка айланта алабыз, аны бекемдөөгө милдеттүүбүз.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG