Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Раев: мамлекет үчүн ишенимдердин конфликти кооптуу


Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев.

Кыргызстан ушул айдын соңунда эгемендиктин 30 жылдыгын белгилейт. Отуз жылдык өлкө басып өткөн тарых азыр ар кайсыл ракурстан талкууга алынып жаткан учур.

Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев менен 30 жыл мурда эгемендикке ээ болгон Борбор Азия өлкөлөрүндөгү карым-катнаш, маданий алакалар, Кыргызстандын дүйнөдөгү орду жана азыркы абалы тууралуу маектештик.

- Жакында “Фейсбуктагы” баракчаңызга “Доол” деген жаңы романыңыз тууралуу жазып калдыңыз. Бул сөз эмне деген маанини билдирет?

- Атактуу Туяк ырчынын “Доол заман” деген ыр сабы бар экен. Бул заман аябай карама-каршылыктуу, кыйчалышкан, тынчы жок, бурганактаган, кайнаган деген мааниде. Ушул контексинен алып “Доол” деп атадым. Биринчиден, бул кыргыздын эски сөзү. Негизги уңгусу добулбастан алынса керек.

- Алдыда Кыргызстан эгемендигинин 30 жылдыгын белгилегени турат. Бул өзүнчө бир өткөөл доор болуп калды окшойт. Азыркы Кыргызстандын абалына сиздин бааңыз?

- Албетте, эгемендүү, демократиялуу, институционалдык жактан аябай чыңалган мамлекет түзүүгө 30 жыл аз. Бирок азыркы болуп жаткан процесстер табийгый алгоритм. Мындан секирип өтүп кете албайбыз. Бир жерден экинчи жерге секиргенде, аң-сезим баягы бойдон эле калып, инновациялык дүйнөгө шайкеш келбейсиң.

Биз бардык жолду басышыбыз керек. Азыркы парламенттик маданият, саясат, башкалары – өтмө мезгилдин баскычы. Биз өзүнчө калыптанууга, тазаланууга кетип баратабыз. Бардык эле мамлекеттер идеалдуу түзүлгөн эмес. 30 жыл биз үчүн сыноонун мезгили болду. Бул жылдар аралыгында канчалык толкудук, чайпалдык. Бирок эң башкысы – мамлеттүүлүктү, эгемендүүлүктү сактаганга аракет кылабыз. Бул эң чоң нерсе. 90-жылдары эгемендикке ээ болуп жатканда эйфория болуп, “кан төкпөй, бархатный болду” дегенбиз. Көрсө, андай болбойт экен да. Азыр баса турган процесстердин баарын өтүп жатабыз.

Маектин аудиосун (толук) бул жерден уга аласыз:

Раев: Мамлекет үчүн көз караштардын конфликти өтө кооптуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:18 0:00
Түз линк

- Түркияда жүрөсүз, эл аралык саясатта, түрк дүйнөсүндө Кыргызстандын орду кандай? Орду болсо эмне менен бекемдей алды?

- Кыргызстан жалпы эле түрк мамлекеттеринин фонунда өзгөчө көрүнүктүү орунду ээлейт деп айта алам. Биздин негизги байлыгыбыз – биздеги демократиялуу процесстер. Азыр эми парламент деле өзүбүздүн деңгээлибизде болуп жатат. Парламенттен жогорку нотаны талап кыла албайбыз. Анткени деңгээл ошол да. Түрк дүйнөсүндө Кыргызстан сөз эркиндиги, демократиясы менен өзгөчөлөнүп турат.

- Эгерде ушул жетишкендикти сактап кала алсак.

- Албетте, сактап кала алсак. Биз ошол нерсеге синхрондуу болушубуз керек. Дисбаланс коомду өнүктүрбөйт. Маселен, сөз эркиндиги жогору кетип, 100 пайыз болуп, өлкөнүн экономикасы 15 пайыз болуп турса, дисбаланс бузулат. Ошондуктан универсалдуу өнүгүүнүн кандайдыр бир балансын сактай алышыбыз керек.

Кандай гана мамлекет болбосун эң башкысы – чириген байды эмес, орто классты түзүү керек экен. Коомдо, мамлекетте качан гана орто класстын бекем катмары түзүлгөндө гана мамлекет өтө туруктуу, бакубат болот.

Бизде ошол база эми гана калыптанып келе жатат. Орто класс - бул бир гана финансылык экономикалык көз караштан гана эсептелбей, интеллектуалдык, аң-сезимдик, ички адамдык ресурстун потенциалынын ошол деңгээлге көтөрүлүшү менен аныкталат. Амбицяларды алдыга коюш керек. Бирок алар реалдуу, турмушка аша турган болушу зарыл.

- Борбор Азия мамлекеттери СССР ыдырагандан кийин эгемендик алып, өз алдынча өнүгүү жолунда түштү. Бирок СССРден калган “мурастар” азырга чейин карым-катнашка, мамилеге таасир тийгизип келүүдө. Айталы, чек ара маселеси жыл өткөн сайын курчуп олтурду. Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдыдагы саясаты кандай болушу керек?

- Күчтүү аналитиктердин бири Збигнев Бжезинский деген “Великая шахматная доска” деген эмгегинде Борбор Азияны өтө аялуу, жаңжал чыгып кетиши мүмкүн болгон чөлкөм катары атаган. Биринчи кезекте суу ресурсу, андан кийин чек ара, анан демография. Ушул үч маселе. Орто Азия чөлкөмүндө жашаган элдин байыркы маданияты, тагдыры да бар да. Толлеранттуу жашаганга тарыхый өрнөгүбүз бар. Бирок башка формада, албетте. Ошондой болсо дагы бул чөлкөмдө негизгиси толеранттуулук, коңшулук, согушсуз аймак дегенди жылдырышыбыз керек. Бизде чоң маселелер бар. Ошол эле чек араны же башкасын алалы, маселе бар.

Чек араны алсак, ал биз каалагандай, же тажик, өзбектер каалагандай идеалдуу чечилбейт. Бул жерде эң башкы курал – компромисс. Кээ бир маселелерде компромисске барып, бириктире турган нерсени тапсак, бул маселени да чечебиз. Кийин барып бул маселе Еврозонадагыдай болуп актуалдуулугун жоготуп коюшу мүмкүн. Бирок ошол деңгээлге өсүшүбүз керек. Экономика, аң-сезим өсүшү керек. Эгерде бул региондо жаңжал чыга турган болсо, өтө кооптуу. Ага кызыкдар дагы күчтөр оңдон да, солдон да аңдып турат.

- 30 жыл ичинде жакынкы коңшулар менен чек ара тиреши тууралуу көп сөз кылыптырбыз. Апрелдин соңундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Чыңгыз Айтматов менен тажик акыны Турзунзааденин достугу тууралуу сөз кылып, аттиң дегендер болду. Көрсө, маданий алакалар токтоп калган экен.

- Атам замандан бери эле маданият элдерди ширелиштирип келген өзгөчө бир руханий көпүрө. Эгемендиктен кийин баарыбыз эле өзүбүздүн батирибизден чыкпай, өз казаныбызда кайнап калдык. Ошондуктан биз маданият аркылуу ынтымакка, тынчтыкка умтулушубуз керек. Бир гана интеллектуалдык чөйрөнү, жазуучуларды эле эмес, элдик дипломатияны өнүктүрүү, ага шарт, өзөк түзүү дагы мамлекеттер ортосун бекемдейт.

Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чатактын негизи дагы элдик дипломатиянын ыдырашынан улам келип чыккан да. Бири-биринин ортосундагы соодадагы, майда-чүйдө, ана-мынадан келип чыккан пикир келишпестиктер өсүп олтуруп, чоң конфликтке жетти. Жек көрүү, каршылык маанай, улут аралык карама-каршылык, бири-бирине кыр көрсөтүү жакшылыкка алып келбейт. Бул чөлкөмдө согушту башташ оңой, бир акмактын колунан келиши мүмкүн. Бирок тынчтыкты орнотуу эч кимдин колунан келбей калышы кооптуу.

- Маданий алакалар таптакыр токтоп калды беле?

- 90-жылдардан бери токтоп калды. Мен деле маданият министри болуп иштеп калдым. Маданий карым-катнаш коңшу өлкөлөр менен жакшы болбой калды. Ушул жагын жандандыруу керек.

- Биз азыр тирешүү, ажырым жөнүндө кеп кылып жатабыз. Бири-биринен өйдөсүнүү, бөлүнүү дүйнөнүн чоң көйгөйүнө айланып баратат окшойт. Кыргыз коомунда деле ушундай көрүнүш күч. Бул эмнеден кабар берет?

- Эми азыр дүйнөдө ушундай процесс жүрүп жатат. Албетте, бул дүйнөнү бүлүндүрө турган нерсе. Көз караш, ишенимдердин, маданият, цивилизациялардын конфликти болуп жатат. Бул саясат катары кайсы бир күчтөр тарабынан жылдырылып жатабы. Кыргызстанда бөлүнө калган бир сапатыбыз бар. Акыркы кездерде Кыргызстан диний агымдардын, ар кандай көз караштардын полигону болуп калды.

Мамлекет үчүн саясий оппозиция коркунучтуу эмес. Ишеним, ишенимдердин конфликти өтө коркунучтуу. Ушул нерсе өтө оптурталдуу. Чынын айтканда, азыр биздин бутубуздун алдында ушул нерселердин баары кайнап жатат. Социалдык тармактардан көрүп жатасыз, көз караштардын кагылышы ачыктан ачык эле көрүнүүдө. Азыр бизде виртуалдуу түрдө көз караштардын карама-каршылыгы бар. Ошол нерсе реалдуу карама-каршылыкка өсүп чыкпашы керек. Ушул виртуалдуу нерсе дагы бизди ойлонтушу керек. Кайсы бир күчтөрдүн карама-каршылыгы ушул кыртыштан өсүп чыга турган болсо, бул өтө опурталдуу маселе.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG