Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 01:24

Жазуучулар союзу жаңыланууга муктаж


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын улуттук жазуучулар Союзунун жаңы төрагасын шайлоо жараяны 85 жылдык тарыхы бар бул башкы чыгармачыл уюмдун көйгөйлөрүн күн тартибине чыгарды.

700гө жакын мүчөсү бар бул уюмду жоюу, көз карандысыз заманбап уюм түзүү, мамлекеттин карамагына алуу өңдүү түрдүү сунуштар коомчулукта, социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Жазуучулар союзунун жаңылануу жана өнүгүү жолдорун “Азаттык” радиосу да акын-жазуучулар менен чогуу талкуулады. Ага Кыргыз эл жазуучусу, мурдагы маданият министри Султан Раев, жазуучу, публицист, “Рухэш” сайтынын түзүүчүсү Олжобай Шакир жана Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун жаңы шайланган төрагасы, акын Нурлан Калыбеков катышты.

Нурлан Калыбеков: “Азаттыктын” түз эфири аркылуу көрсөтүлгөн 8-февралдагы шайлоону уккан-көргөндөр Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун төрагасын шайлоо мыйзам чегинде, заманга шайкеш өттү деп жатышат. Бул эми заманга демократиянын келгенин айгинелеп турат.

Эми, эмне үчүн улуттук деген аты бар Жазуучулар союзунун кереги жок деген түшүнүккө чейин түшүп, мамлекеттин камкордугунан ажырап, коомдук уюмдун деңгээлинде калдык? Жазуучулар союзуна төрага болуу мамлекеттик сыйлык-наамдар, бир жакка чыгып келүү сыяктуу артыкчылыктарга ээ болуу керек деген эски аң-сезим менен гана чектелип калган. Биз жети пункттан турган программаны шайлоодо айттык. Эмне иш кылганым тууралуу отчетту алты айдан кийин берейин.

“Азаттык”: Сиз жолуккан биринчи тоскоолдук кайсы болду?

Нурлан Калыбеков: Биз отурган имарат президент менен өкмөттүн иш башкармалыгына карайт. Анын ижара акысы үчүн карыз (энергия, коммуналдык кызматтар ж.б.) мага чейин 1 457 804 сом 46 тыйын экен. Эми муну жоюш керек. Мен муну төлөймүнбү же чыгармачылык багытта иштейминби?

Жазуучулар союзу жаңы форматка муктаж (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:09 0:00
Түз линк

Султан Раев: Дегеле чыгармачыл уюмдар керек. Жазуучулар союзу алардын туу башы. Башка маданият салаалары таарынбасын, бирок, кербен башы, улуттук интеллектуалдын да бийик чокусу – адабият. Чынгыз Айтматов ушундай планканы коюп кетти.

Эмне үчүн улуттук маданияттын негизин жаратып жаткан уюмдарга көңүлкош карашыбыз керек? Эмне үчүн аткаруучулар же ошол маданият тармагына кирген театрлар, башка мекемелер мамлекеттик протекция кылыш керек дагы, жаратмандардын башында турган уюмдар сыртында калышы керек? Бул туура эмес.

Министр болуп турганда да чыгармачылык союздарга айткам: Маданият жөнүндө негизги мыйзамда “Кыргызстанда чыгармачыл уюмдардын ишмердиги өзүнчө мыйзам менен жүргүзүлөт деген жобо бар. Демек, бул мыйзам керек. Ыраматылык Эгемберди Эрматов да (депутат кезинде-ред.) аракет кылды. Мыйзамды Жогорку Кеңеште кабыл алууга келгенде, көрсө, ошол кездеги Жазуучулар союзунун төрагалары долбоорго “союздун төрагасы президентке, орун басары премьер-министрге кеңешчи болот” деп жазып алышыптыр. Бул нонсенс да.

Нурлан союзга реформа кылам десе эки эле маселени чечиш керек. Биринчиден, макамды аныкташ керек, азыр булар коомдук уюм болуп турат. Экинчиден, чыгармачыл союздарга сөзсүз түрдө мамлекеттик грант системасын киргизишибиз керек. Бюджетке түз киргизе албайбыз, бирок, башка Казакстан, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттерде ошондой иш алып барып жатышат. Алар кадимкидей эле иштеп, бюджеттен айлык алып атат. Ал үчүн чыгармачылык союздар жөнүндөгү мыйзамды кайра иштеп чыгыш керек.

Жазуучулар союзу жаңы форматка муктаж (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:46 0:00
Түз линк

Олжобай Шакир: Сиз айткандай кылып отурсак, Султан байке, Жазуучулар союзу ордунан былк этпейт. Ансыз да жаны чыккан адамды кайра тирилте албайбыз да. Жазуучулар союзу Советтер союзунан калган рухий аскерлер, кошоматчылар коому деп ачык эле айтышыбыз керек. Мамлекеттин карамагына алынды деген күнү Жазуучулар союзу КСДП сыяктуу эле бийликтин бир органы болуп калат. Айтканым, Жазуучулар союзунун баркы түштү, улуттук макамды бетке карманганда деле жээкке жеткирчүдөй эмес. Кеме эбак чөгүп кеткен.

Нурлан эгер, түп орду менен өзгөртүүнү кааласа чыгармачыл адамдардан мобилдүү топ болуш керек. Кара таандай каптаган капкайдагылар мүчө болуп алышкан. Же мүчөлүк акысы деле кыйратпайт, канча карыз экенин мына айтып отурат.

Карыздан чыкпай аткан чыгармачылык союзда кайдагы кадам болот? Нурланды бир-эки жылдан кийин суук тумшук кыла турган система, азыркы турушу менен. Мен адабий агенттик түзүүнү сунуш кылып атам. Же адабий клуб же жазуучулар бирдиги дейсиңби, айтор, муну мамлекеттен көз карандысыз кылуу керек. Кыргызстанда жеке секторлор жакшы өнүгүп атат. Анан адабият менен чайкоочулук кылган топтор толтура. Эң кашайганы, иллюзия менен жашаган билимсиз коом деп ачык эле айтышыбыз керек, акын-жазуучулардын көбү мурдунан алысты көрбөйт.

"Нурлан келди, укмуш болуп кетет" дешет. Азыр Нурлан эмес, сыйкырчыны алып келип койсо да былк этиши мүмкүн эмес. Андыктан, Нурлан ишкерлер менен чыгармачылык алаканы түзүү керек. Айтор, аты-затын өзгөртмөйүн баягы эле жолоюна түшөт.

Жазуучулар союзунун төрагасы алмашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:52 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (43)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG