Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:00

Кыргызстан геосаясий туңгуюктабы?


Кыргызстан эгемендигинин 30 жылдыгын белгилейт. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдары "Борбор Азиядагы демократиянын аралчасы” деп сыпатталган өлкө үч жолу бийликти күч менен алмаштырып, башкаруу системасын бир нече жолу өзгөрттү.

Азыркы таптагы Кыргызстандын эл аралык чөйрөдөгү орду кандай? Геосаясатта аймактык оюнчуга айлана алдыбы? “Азаттык” ушул суроолорду талкуулады.

Талкууга Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев, тажрыйбалуу дипломат, Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова жана саясатчы, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков катышты. (ред. - Талкуу 4-августта өткөн. 5-августта Равшан Жээнбековду Бишкектин Биринчи май райондук соту “үй камагынын шартын бузган” деген негиз менен камакка алуу чечимин чыгарды).

- Нуран мырза, эгемендиктин 30 жылдыгын белгилеп жаткан чакта Кыргызстан эл аралык чөйрөдө ээлеген ролун сиз кандай белгилей аласыз? Бул убакыт аралыгындагы окуяларды эске алуу менен көз карандысыздыктын башында коюлган максатка жете алдыкпы?

Нуран Ниязалиев: 30 жылдык эгемендикте Кыргызстан эл аралык аренада өзүнүн ордун тапты десек жаңылышпайбыз. Ушул убакыт аралыгында Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулуктун ишенимдүү, жоопкерчиликтүү, активдүү мүчөсү катары калыптанды жана таанылды. Биз учурда дүйнөдөгү 124 эл аралык уюмга мүчөбүз, 160дан ашык мамлекет менен дипломатиялык алакаларыбыз бар. 30дан ашык өлкөдө дипломатиялык өкүлчүлүктөрүбүз иштеп жатат. Бишкекте болсо 30дан ашык мамлекеттин элчилиги, 40дан ашык эл аралык уюмдун кеңселери ачылган. Жалпысынан өз ордубузду таптык. Айрыкча, БУУнун алкагында өзүн көрсөтүп, тааныта алды.

Нуран Ниязалиев
Нуран Ниязалиев

- Албетте, Нуран мырза, мунун баарын санай берсе 30 жыл ичинде абдан көп маалымат айтылышы мүмкүн. Бирок иш жүзүндө азыркы тапта Кыргызстан аймакта, Борбор Азия чөлкөмүндө маанилүү өлкөгө айлана алдыбы? Маселен, Ооганстандагы кырдаал курчуп турганда АКШ, башка Батыш өлкөлөрү бул өлкөдөн качкындарды кабыл алуу маселесин Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан менен сүйлөшүп жатканы кабарланды. Кыргызстан менен ушундай сүйлөшүүлөр болуп жатабы? Деги Ооганстандагы коопсуздук маселесинде расмий Бишкектин ролу кандай болушу мүмкүн?

Нуран Ниязалиев: Борбордук Азияны эле карай турган болсок, Кыргызстан өз ордун тапты. Биринчден, коңшу мамлекеттер менен ынак мамилени түздүк, кызматташууну улантып жатабыз. Экинчиден, ушул чөлкөмдөгү эл аралык, регионалдык уюмдарга катышып, активдүү иштеп келе жатабыз. Биздин катышуубуз жок бир дагы чечим кабыл алынбайт. Ал эми Ооганстандагы окуялар боюнча дипломатияда жүрүп жаткан бардык иш-аракеттер коомчулукка жарыялана бербейт. Ал багытта да иштер жүрүп жатат. Кошмо Штаттар өзүнүн башка өнөктөш мамлекеттерине, жакшы мамилеси бар өлкөлөргө кайрылып, сиз айткан маселелер талкууланууда. Бул жерде Кыргызстан да четте калбай, толук кандуу катышып жатат.

- Равшан мырза, Кыргызстан 90-жылдардын башынан тарта "чөлкөмдө демократиячыл өлкө деген имиджи бар эле. Бирок акыркы окуялар, конституциялык реформа бул имиджге да сокку урган жокпу?

Равшан Жээнбеков: Тышкы саясатта биздин ээлеген ордубуз кандай экенин көрсөткөн ар кыл обьективдүү жана субьективдүү себептер болуп келе жатат. Эгемендиктин башкы жылдарында, 2005-жылга чейин дүйнөлүк көрсөткүч же дүйнөлүк лидерлер менен байланышууда Кыргызстандын жеткиликтүү орду бар эле. Мисалы, биздин өлкөгө Батыштын өлкөлөрү баш болгон ар кыл мамлекеттердин лидерлери келип турган. Биздин жетекчилик да четке көп чыгып, ар кыл эл аралык аянтчаларда сөз сүйлөп, пикирин билдирген учурлар көп болчу. Муну факт катары айтсак болот. Бирок кийинки жылдары андай алака-катыш дээрлик токтоп калгандай.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Эл аралык изилдөөлөрдө да Кыргызстан демократиялуу, эркин, адам укуктарын сыйлаган мамлекет катары алдыда турчу. Тилекке каршы, кийинки жылдарда бул көрсөткүч абдан начарлап кетти. Кыргызстандын тышкы саясаты Борбордук Азиядабы, Евразиядабы же дүйнөлүк деңгээлдеби болобу көбүбүз аликүнчө элес албай келе жаткан демократия, сөз эркиндиги жана адам укуктары менен байланышкан. Кыргызстан тышкы саясатты дал ушул үч маанилүү багытка байлап жүргүзсө ийгиликтүү боло алабыз. Тилекке каршы, ушул көрсөткүчтөр ар бир революция болгон сайын жакшырбастан, улам артка кетип, бийликти бир колго топтогон өлкөгө айланып бара жаткандайбыз. Мунун баары өлкөбүздү дүйнөлүк коомчулук алдында изоляциялоого алып барууда.

- Бактыгүл айым, дүйнөдө ири державалар, башкы чоң оюнчулар ортосунда геосаясий атаандаштык, дипломатиялык талаш-тартыш күчөп баратканын көрүп турабыз. Ушундай жагдайда Кыргызстандын тышкы саясаты, геосаясий ролу кандай болушу керек? Айрым эксперттер бир кезде Батыштын көңүлүн өзүнө бурган Кыргызстан азыр туңгуюкта калгандай деп жазып жиберишти.

Бактыгүл Каламбекова: Эми пикирлер боло берет. Ортодо бир иш болсо, аны ар кыл жагынан сынаганга мүмкүнчүлүк болот. Таптакыр эле баары түптүз болуп калды, бир эле вектор менен бара жатат деген ойлорго кошулууга болбойт. Албетте, бул геосаясий ролду бизге карап туруп, берип койбойт. Аны биз өзүбүз алышыбыз керек. Мамлекеттин өзүнүн позициясы, кайда барам, кандай болом деген так позициясы болуш керек.

Бактыгүл Каламбекова
Бактыгүл Каламбекова

Биз жаңы өзгөрүүлөрдүн тушунда эмнени сунуш кыла алабыз, кызыкчылыгыбызды коргоо үчүн, максатка жетиш үчүн эмнелерди кылуу керек деген суроолор менин билишимче дипломатиянын казанында көптөн бери талкууланып келе жатат. Бул боюнча сунуштар бар, чечимдер кабыл алганга даярдалып жатат. Мунун баары ачык айтылбаса да, дипломатия тынымсыз иштей турган мезгилден өтүп жатат.

Анан “демократиялык аралча” деген баа боюнча бирооз сөз кошсом. Демократия - биздин тышкы саясаттагы, эл аралык мамилелердеги аз гана ресурстарыбыздын бирден бири бойдон калат. Биз канчалык ар кыл сөздөрдү айтпайлы, өзүбүз түшүнгөндөй, өзүбүз кабыл алгандай, өзү колдогондой демократиянын ээси болдук. "Демократиялык арал" деген тыштан караганда бир долбоор болсо дагы, ичтен алып караганда бир комплемент болчу. Биздин мамлекеттин көңүлүн көтөрүп, ага шык берген девиз болчу. Бирок аны канчалык бапестеп, мазмунун кеңейтип колдонуп кеттик, ал башка нерсе. Демократияда кайсы жерге келдик, чарчап калдыкпы же улантабызбы бул дагы биздин ички сурообуз. Кандай болсо да демократия биздин коомго тамырлашып калды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG