Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Казакбаев менен Лавров оюн-зоок борборундагы окуяны талкуулады


Оюн-зоок борборундагы чыр тартылган тасмадан алынган сүрөт. Бишкек. Август, 2021-жыл.
Оюн-зоок борборундагы чыр тартылган тасмадан алынган сүрөт. Бишкек. Август, 2021-жыл.

Кыргызстандын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сергей Лавров Бишкектеги балдар аянтчасында болгон окуяны телефон аркылуу талкуулады.

Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, Казакбаев бул окуядан улам Орусиянын айрым саясатчылары эки элдин карым-катышына доо кетирүүчү чараларды көрүүгө чакырган билдирүү жасаганы өкүндүргөнүн айтты. Мындан тышкары Кыргызстанда русофобия жана башка улутчулдук жек көрүү жоктугун, тарыхты кайра көчүрүү, эстеликтерди жана орус тилин кысымга алуу болбогонун белгилеп, расмий макамдагы орус тилин коргоо уланарын билдирди. Балдар аянтчасындагы окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканын, айыптуу тергөө абагына камалганын белгиледи.

2-августта Бишкектеги SMagic паркында баласын аянтчага ойноткону алып барган адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Окуянын видеосунда эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, аны үстөлдө жаткан калькулятор менен уруп жибергенин көрүүгө болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кызга кол көтөргөн адамга Кыргызстанда Конституция боюнча орус тили кыргыз тили сыяктуу эле мыйзамдуу макамга ээ экени тууралуу расмий эскертүү берген. Милиция Кылмыш кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен кылмыш ишин козгоп, 16-августта кызга кол көтөргөн жаран Али Алимбаев камакка алынганын кабарлады.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский 10-августта Москвадагы кыргыз элчилигинин алдында нааразылык акциясын уюштуруп, кыргызстандык мигранттарды депортация кылууну, Кыргызстан менен соода-алаканы токтотууну сунуштаган.

Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий да ушундай эле мазмундагы билдирүү жасаган.

10-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугуп, окуяны талкуулаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG