Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Октябрда жараат алгандар бийликке талап койду


Президент Садыр Жапаров менен октябрь окуясында жараат алгандар. Сүрөт жараат алгандардын жеке архивинен алынды.
Президент Садыр Жапаров менен октябрь окуясында жараат алгандар. Сүрөт жараат алгандардын жеке архивинен алынды.

Кыргызстанда бийлик алмашууга алып келген октябрь окуяларында жараат алгандар элге курал колдонууга буйрук берген жогорку кызмат адамдарын жоопко тартууну талап кылып келет.

“Майып болуп калганыма ким жооп берет?”

Бексултан Анарбек уулу өткөн жылдын октябрь окуясында бутунан оор жараат алып, алигиче баса албай жатат. Күчкө толуп турган маалында төшөктө жатып калган Бексултан “майыптыгыма ким жооп берет?” деген суроого жооп таппай турган кези.

Бексултан Анарбек уулу.
Бексултан Анарбек уулу.

“Бир адамды дагы жоопко тарта албай жатышат. Октябрь окуясына канчалаган адамдын тиешеси бар. Тергөө жүрүп жатат дегени менен жыйынтык жок. Эч кимди кармай албай коюшту. Карапайым элге эмес, аткаминерлерге курал болдук”.

Буга чейин расмий маалыматка караганда, 2020-жылдын 6-октябрындагы тополоңдо 30га жакын адамдын көзүнө ок тийип, сегизи бир көзүнөн айрылган. Катуу жарааттан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу каза болгон. Дагы ондой адам майып болуп калган.


“Кыргыз үмүтү” коомдук бирикмесинин жетекчиси Сыргак Сакыбаев ириде элди көчөгө чыгарууга мажбур кылган кырдаалдын түзүлүшүнө экс-президент Сооробай Жээнбековду күнөөлөйт.

Ал октябрь окуясынын арты менен бийликке келген азыркы өлкө жетекчилиги ошол кезде элге ок атууга буйрук бергендерди жоопко тартууну талап кылып келет.

“Ал экс-президент (ред: Сооронбай Жээнбеков) катары элдин эсебинен жашабашы керек. Жунушалиев менен Опумбаев камалышы зарыл. Аларга жада калса иш козголбоптур. Ички иштер министрлиги октябрь окуясын жөн эле башаламандык, бири-бирибизден таяк жегендей кылып жатат. Тергөө жүрүп жатат дейт, кимдин үстүнөн иш козголгону белгисиз”, - деди Сакыбаев.

Октябрь окуясындагы тополоңду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги териштирүүдө.

Атайын кызмат нааразычылык акциясында курал колдонуунун мыйзамдуулугун иликтеп жатканы айтылган.

6-октябрда кызмат ордун таштап кеткен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаевге кылмыш иши козголгон эмес.

ИИМ тергөө жөнүндө маалымат бере элек. Быйыл 21-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, тергөө аяктагандан кийин окуяга укуктук баа берилерин айткан.

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

“Мурдагы ички иштер министри менен УКМК башчысына козголгон кылмыш иши жок. Бирок 5-октябрь боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында булар дагы тергелип жатат, юридикалык баа берилет”.

Эки генералга айтылган сын

Мурдагы премьер-министр, генерал Феликс Кулов октябрь окуясына сөзсүз саясий жана юридикалык баа берилиши керек деп эсептейт.

Кулов "Орозбек Опумбаев менен Кашкар Жунушалиевдин жоопко тартылбаганы суроо жаратууда" дейт.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

“Эгерде саясий жоопкерчилик жөнүндө айта турган болсок, анда өлкө башчысынын күнөөсү бар. Ал эми юридикалык жоопкерчиликте түз күнөөсү жок деп ойлойм. Анткени ал (ред: Сооронбай Жээнбеков) элди кубалап, курал колдонууга жана мыйзамга каршы келген буйрук берген эмес.

Бул жерде Опумбаев менен Жунушалиевдин жоопкерчилиги бар. Бир адам өлүп, жарадар болгондор көп. Алар ушундай окуяларга жеткирбөөгө милдеттүү болчу. Курал колдонуу туура эмес болгон. Тескерисинче, элдин кыжырын кайнатты. Ак үй талкаланса мейли, элдин каны төгүлбөшү керек”, - деди Кулов.

Феликс Кулов жетекчилердин шалаакылыгынан тополоңдордо жөнөкөй милициялар дагы жабыркап каларын белгилеп, күч кызматкерлерин элге каршы койгон тажрыйбаны токтотуу керек деп кошумчалады.

Учурда Опумбаев жана Жунушалиевдин кайда кеткени тууралуу так маалымат жок. Экөө тең өзүнө айтылган дооматтарга үн катпай келет.

Ал эми экс-президент Сооронбай Жээнбеков апрель айында билдирүү таратып, өзүнүн дарегине айтылган сөздөргө өлкөдөгү саясий туруктуулук үчүн жооп бербей жатканын айтып, “саясий чайкоочулук кылгысы келгендер бар” деген болчу.

“Жеке менин дарегиме да ар кыл ойлор, калп-чыны аралаш пикирлер айтылып келет. Мен мунун баарын угуп, көрүп, анализдеп жатам. Албетте, менде да айтылчу сөздөр көп. Бирок азыркы кырдаалда менин сүйлөп, саясатчылар менен талашып-тартышып, диалогго аралашканыма караганда, унчукпай турганым – өлкө үчүн чоң пайда”.

Өлкө эгемендик алгандан бери үч жолу элдик толкундоо менен бийлик алмашты. 2010-жылы 7-апрелдеги ыңкылапта жүзгө жакын киши каза болуп, ага тиешелүү деп мурдагы президент Курманбек Бакиев сыртынан соттолуп, атайын кызмат, Башкы прокуратура жетекчилери узак мөөнөткө кесилген.

Ал эми октябрдагы окуялардан кийин бийликке келген Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековго экс-президент макамын ырымдап ыйгарганын билдирген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG