Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

Кабул аэропорту ишин уланта баштады


Кабул. 2021-жылдын 16-августу.
Кабул. 2021-жылдын 16-августу.

Ооганстандын борбору Кабулдун аэропорту бүгүн 17-августта кайра иштей баштады. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлиги билдирип, 16-августта конуп-учуу тилкесинде коопсуздук эрежелери бузулганына байланыштуу эвакуациялоо иштери убактылуу токтотулганын белгиледи.

Өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган миңдеген адамдар Кабулдун аэропортуна топтолгону АКШнын аскерлерин жана эл аралык күчтөрдү аэродромду тазалоо үчүн рейстерди токтотууга мажбур кылганы, 16-августтагы башаламандык учурунда кеминде жети адамдын өмүрү кыйылганы айтылды.

Президенти Ашраф Гани сыртка чыгып кеткенден кийин 15-августта бул өлкөдө бийлик кулаган жана Кабул “Талибан” кыймылынын карамагына өткөн. АКШ жана башка чек өлкөлөр өз жарандарын жана талибдер коркунуч жараткан ооганстандыктарды эвакуациялоо аракетин улантууда.

АКШ президенти Жо Байден жакынкы күндөрү Ооганстандан миңдеген адамдар чыгарылып кетерин 16-августта билдирди.

Азыр Ооганстанда Кыргызстандын жыйырма чакты жараны бар. Алар 21-августта учуп чыгарын, баары менен байланыш бар экенин “Азаттыкка” элчи Мирослав Ниязов билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG