Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

"Мегакомду" сатуу боюнча комиссия түзүлөт


"Мегаком" компаниясынын кеңселеринин бири.
"Мегаком" компаниясынын кеңселеринин бири.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" мамлекеттик компаниясы боюнча атайын комиссия түзүлүп, иштеп чыккандан кийин сатыкка коюларын билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөргөн маалымат жыйында айтты.

Жогорку Кеңештин токтому чыкканы менен дароо эле соода башталбайт. Ага чейин кайра баалоо иштери жүрөт. "Альфа Телеком" стратегиялык мекеме болгондуктан атайын комиссия түзүлөт. Бардык иштер ачык жүргүзүлөт”, - деди Бакиров.

Жогорку Кеңеш 30-июлда Министрлер кабинетинин "Альфа Телеком" мамлекеттик компаниясын (100% акциясын) сатуу сунушун колдогон. "Мегаком" компаниясынын баасы бычылгандан кийин аукцион, конкурс же түз сатылат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду буга чейин “Менчиктештирүү–2020-2022” деген программанын алкагында 25 мамлекеттик мүлктү сатыкка чыгарган.

Акциясынын 100% мамлекетке таандык "Мегаком" компаниясын буга чейин бир канча жолу сатуу аракети болгон.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49% улутташтырган. 2014-жылы компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG