Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Ооган президенти эмне үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин түшүндүрдү


Ооган президенти Ашраф Гани.
Ооган президенти Ашраф Гани.

Ооган президенти Ашраф Гани "кан төгүлүшүн алдын алуу үчүн" өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди. Ал бир аз мурда "Фейсбукка" өз кайрылуусун жарыялап, бүгүн оор чечимди кабыл алууга туура келгенин белгиледи.

Ал эгерде Кабулда кала берсе, "көп адам мерт болуп, баш калаа кыйроого учурамак" деп айтты.

"Талибдер кылычынын жана мылтыгынын өкүмү менен жеңип чыкты. Эми алар мекендештеринин намысы, мүлкү жана коопсуздугу үчүн жооптуу", - деп жазды Гани.

Буга чейин Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла президент өлкөдөн чыгып кеткенин ырастап, анын кадамын сынга алган.

"Ал оор кырдаалда Ооганстандан чыгып кетти. Кудай өзү жоопко тартсын. Эл өзү баа берсин", - деп билдирген Абдулла.

Ооган президенти кайсы өлкөдө экенин так айткан жок. Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Гани Тажикстанга келгенин кабарлашкан. "Аль-Жазира" телеканалы президенттин жан сакчыларына шилтеме кылып, Ашраф Гани, анын жубайы, президенттин аппаратынын башчысы жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Өзбекстандын баш калаасы Ташкентке кетиши мүмкүндүгүн жазды.

Жекшемби күнү эртеден бери Кабулду курчап турган "Талибан" кыймылы кечке жуук ооган баш калаасына киргени белгилүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG