Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

"Озоди": Ооганстандын президенти Ашраф Гани Душанбеге келди


Ооган президенти Ашраф Гани.
Ооган президенти Ашраф Гани.

"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун тажик кызматы ("Озоди" радиосу) Ооганстандын президенти Ашраф Гани Душанбеге келгенин кабарлады. Бул маалыматты Тажикстандын өкмөтүнө жакын эки булак ырастады. Аттарын атабаган бул адамдар Гани жакын арада үчүнчү өлкөгө чыгып кетерин билдиришти.

Президент Гани 15-августта өлкөдөн чыгып кеткенин Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла ырастаган.

"Ал оор кырдаалда Ооганстандан чыгып кетти. Кудай өзү жоопко тартсын. Эл өзү баа берсин", - деп билдирген Абдулла.

Азырынча Ооганстандын президентинин кеңсеси Ганинин кайда экенине байланыштуу расмий маалымат тарата элек.

Соңку маалыматтарга ылайык, талибдер ооган баш калаасы Кабулдагы коопсуздук күчтөрү таштап кеткен аймактарга көзөмөлүн орнотуп жатат. Буга чейин "Талибан" кыймылы Кабулду күч менен албай турганын билдирген.

Бирок АКШнын Кабулдагы элчилиги кабарлагандай, дипломаттар, расмий жетекчилер жана башка ооган жарандары баш калкалап жаткан башкы эл аралык аэропортко ок атылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG