Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Батыш өлкөлөрү Кабулдагы жарандарын чыгарып кетүүдө


Кабулдун аэропортундагы жүргүнчүлөр. 15-август, 2021-жыл.
Кабулдун аэропортундагы жүргүнчүлөр. 15-август, 2021-жыл.

АКШнын Кабулдагы элчилигинин кызматкерлери аэропортко жеткирилүүдө. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 15-августта ABC телеканалына билдирди. "Франс-пресс" жаңылыктар агенттиги жазгандай, Блинкен Кабулга жөнөтүлгөн аскерлер эвакуацияны "коопсуз жана ырааттуу" шартта жүргүзө турганын айткан.

Канаданын Тышкы иштер министрлиги Кабулдагы дипломатиялык аракеттерин убактылуу токтотконун, ал жактагы кызматкерлери мекенине кайтып келе жатканын жарыялады.

Нидерланд Кабулдагы элчилигин шаардагы эл аралык аэропортко жакын жерге көчүргөнүн, ооган котормочуларын жана жергиликтүү кызматкерлерди эвакуациялоо аракети жүрүп жатканын билдирди.

Германиянын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, 15-августта Кабулдагы немис элчилиги жабылып, кызматкерлер Кабулдун аэропортундагы аскердик жайда ишин уланта турган болду. Ооганстандагы немис жарандарын жана Германиянын институттары менен иштешкен ооган атуулдарын эвакуациялоо иши тездеди.

Ушул тапта "Талибан" кыймылы ооган баш калаасы Кабулду курчап турат. Талибдер Кабулга күч менен эмес, сүйлөшүүлөр аркылуу тынч жол менен кире турганын билдиришкен. Ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү талибдер менен бийликти өткөрүп берүү маселесине байланыштуу сүйлөшүүлөр өтүп жатканын ырасташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG