Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Гаитидеги зилзаланын курмандыктарынын саны 700дөн ашты


Гаитидеги Ле-Ке шаары.  14-август, 2021-жыл.
Гаитидеги Ле-Ке шаары.  14-август, 2021-жыл.

Гаитинин Жарандык коргонуу агенттиги 14-августтагы зилзаладан 724 киши каза таап, 2800дөйү жараат алганын билдирди. Агенттиктин маалыматына ылайык, курмандыктардын көбү өлкөнүн түштүгүндө катталууда.

Жереми жана Ле-Ке шаарларындагы турак жайлардын көбү кыйрап калганы кабарланды. Премьер-министр Ариэл Анри Ле-Ке шаарына учуп кетер алдында Гаитиде бир айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

АКШнын Геологиялык кызматы билдиргендей, магнитудалык күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө ишемби күнү таңкы саат 8:30 чамасында болгон. Анын очогу борбор шаар Порт-о-Пренстен батыш тарапты көздөй 125 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

Зилзала Порт-о-Пренсте катуу сезилгени менен баш калаада чоң кыйроо болгон жок.

11 жыл мурда 7 баллдык жер титирөө Порт-о-Пренстин көп бөлүгүн урандыга айлантып, өлкөдө болжол менен 300 миң кишинин өмүрүн алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG