Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:16

Ооган качкындары макам берүүнү талап кылды


Ооган качкындары Бишкектеги АКШ элчилигинин алдына пикетке чыгышты. 18.08.2021

Кыргызстанда бир канча жылдан бери жашап жаткан ооганстандык жарандар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин жана АКШнын элчилигинин алдына пикетке чыгышты.

Алардын алды 20 жылдан бери башпаанек ала албай жүрүшкөнүн айтып даттанып, кыргыз бийлигинен "качкын" макамын берүүнү же АКШ, Канада сыяктуу башка өлкөгө жиберүүнү талап кылышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыккан оогандыктардын бири Ажмал Жамал Кыргызстанга 1999-жылы келген. Ошондон бери "качкын" макамын ала албай жүргөнүн айтты.

“1999-жылы Ооганстанда азыркыдай абал түзүлүп, талибдер бийликти алганда Кыргызстанга келгем. Бул жакта миграция кызматына качкын катары каттоого туруу үчүн кайрылгам. Мына, Кыргызстанда жүргөнүбүзгө 22 жыл болду, балдарым бул жакта төрөлүп, окууларын аяктады. Кызым журналист, экинчи кызым доктур, балдарым велоспортчу. Бирок бирөөбүздүн да паспортубуз жок. Паспортсуз жашоо өтө оор. Чет өлкөгө чыкканды кой, сим-картаны дагы каттата албай, кыргыз жарандарынан суранабыз”.

"Качкын" макамын алгысы келгендердин кайгысы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

Акцияга чыккан оогандык качкындардын айтуусунда, Кыргызстанда 400дөн ашык ооган жараны "качкын" макамын алалбай жүрөт. Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Ооганстандын 73 жаранына "качкын" макамы берилгенин, дагы 67 ооганстандыктын башпаанек сураган өтүнүчү каралып жатканын билдирген.

Кыргызстанда бир канча жылдан бери жашап жаткан ооганстандык жарандардын акциясы Ооганстанда "Талибан" бийликти ээлеп, ал жактан жүздөгөн жарандар качып жаткан учурга туш келди.

Ооганстандагы абал курчуганына байланыштуу кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча Конвенциясына мүчө өлкө катары Ооганстандагы памирлик 1200дөй кыргызды кабыл ала аларын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза берүүгө даяр деп билдирүү тараткан.

Акцияга чыккан Бишкектеги оогандыктар жаңы качкындарды кабыл алардан мурда аларды мыйзамдаштырып же башка мамлекетке чыгууга шарт түзүүнү талап кылышууда.

“Бизди бул жакта мыйзамдаштырсын же АКШ, Канада сыяктуу качкындарды кабыл алып жаткан башка мамлекеттерге чыгарсын. Кыргыз бийлиги 1200 оогандык качкынды кабыл алабыз деп билдирүү таратты, биринчи бизди мыйзамдаштырсын, анткени 22 жыл мурун келгенбиз. Биз аз болуп жатсак анан башка качкындарды кабыл алсын”, - деди Кыргызстанга 1999-жылы келгенин айткан Ажмал Жамал.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Кайрылмандар жана качкындар башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова акцияга чыккандарга качкын макамын берүүдөн баш тартылганын, алар Жогорку Сотто утулганын билдирди.

“Акцияга чыккандардын арасында 20 жылдан бери Кыргызстанда жүргөндөр бар экени чын. Алар бизге кайрылган. Арызы мыйзам алкагында каралып, "качкын макамын берүүгө негиз жок" деп баш тартылган. Булар сотко кайрылып, Жогорку сотко чейин жеткен. Жогорку сот дагы бизди колдогон. Мыйзам боюнча Жогорку соттун чечимин алгандан кийин бир айда өлкөдөн чыгып кетиш керек болчу. Бирок ага карабастан чыгып кетишкен жок. Анткени аларга БУУнун улуттук кеңсеси “качкындын мандат макамы” картасын берип, ошол макам менен жүрүшөт”.

Акцияга чыккан оогандыктардын айтуусунда, Кыргызстан качкын статусун берүүдөн баш тарткандардын 150сүнө Бириккен Улуттар Уюму "качкындын мандат макамы" картасын берген. Андан башка 200дөн ашыгынын мындай макамы жок жүрүшөт. Алардын паспорттору, миграциялык карталары, качкын карточкасы дагы жок.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов Кыргызстанга келген качкындар батыш өлкөлөрүнө кетүүгө аракет кыларын айтат. Бирок узак жылдан бери Кыргызстанда жүргөн качкындардын маселесинин чечилбегени тийиштүү органдардын шалаакылыгы деп атады.

Аскар Бешимов
Аскар Бешимов

“Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча конвенциясынын мүчөсүбүз. Анын ичинде биздин милдеттенмелерибиз бар, анда качкындардын укугу жазылган. Бирок алар АКШ сыяктуу башка өлкөлөргө жөнөткүлө деп талап коюп жатышпайбы. Аны ал өлкөлөр чечиш керек. Бирок бизде ушунча убакыт жүргөндөн кийин жарандык, убактылуу, туруктуу жашоо боюнча тартибибиз бар. Ошого жараша документтерди бериш керек. Ушул убакытка чейин мамлекеттик органдардын карабаганы кайдыгерлик же шалаакылык. Башка сөз айтуу мүмкүн эмес”.

Ал эми коопсуздук маселелери боюнча эксперт Орозбек Молдалиев учурунда Кыргызстанга качып келип, бирок кеткиси келгендер эбак эле өлкөдөн чыгып кеткенин белгиледи. Ал эми бүгүн митингге чыккандар Кыргызстанда орун-очок алып, бизнес баштап калгандар экенине токтолду.

"Кеткиси келгендер каалаган мамлекетине эбак эле чыгып кетишкен. Бул жердегилери орун алып, жайгашып, бизнес жасап жаткандар. 2001-жылдан кийин Ооганстанда абал өзгөргөндө ал жакка кетпей бул жерде калып калышкан. Бирок барып келип, өз мамлекетине каттап турушкан. Азыр болсо "Талибан" келди, биз баштагыдай каттай албай калдык" деп чочулап турушат", - деди ал.

Ооганстандагы абал курчугандан бери кыргыз бийлиги бир канча жолу билдирүү таратты. Президенттин басма сөз кызматы өлкө башчысы Ооганстандагы абалга тыкыр көз салып жатканын билдирген. 17-августта Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы бардык тараптарды туруктуулук орнотууга чакырды.

Кыргызстан 1996-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча конвенциясына мүчө. "Качкын" макамын алган чет өлкөнүн жараны үч жылдын ичинде кыргыз жарандыгын алса болот.

Кыргызстандын 30 жылдык эгемендик тарыхында 20 миңден ашуун чет өлкөнүн жаранына качкын макамы берилген. Алардын көпчүлүгү этникалык кыргыздар.

Качкын макамын алган 10 миңдей адам Кыргызстандын жарандыгын алган. Тогуз миңдейи кайрадан келген өлкөсүнө, 1500 качкын макамын алган адам үчүнчү чет өлкөгө чыгып кеткен.

Эксперттер талдайт: Ооганстандагы кырдаалдын Борбор Азияга таасири
  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG