Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

"Талибан" Ооганстанда аялдар укугу "ислам алкагында" урматталарын билдирди


Кабул. 2021-жылдын 17-августу.
Кабул. 2021-жылдын 17-августу.

Ооганстанда бийликти өз колуна алганын жарыялаган “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү бул өлкөдө аялдардын укугу сакталышын камсыздай турганын, талибдерге каршы иштеп келгендерге мунапыс берилерин, Ооганстанды террордук чабуулдар аянты катары пайдаланууга жол берилбесин 17-августта Кабулда өткөн пресс-конференцияда билдиришти.

Кыймылдын өкүлү Забиулла Мужахид алар башка өлкөлөр менен тынчтык мамиледе болууга, аялдарга "ислам алкагында" билим алып, иштөөсүнө шарт түзүүгө умтуларын айтты. “Бизге ички да, тышкы да душмандар кереги” жок деди ал.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. Азыр анын кайда экени белгисиз. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG