Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Ак илбирсти коргоого арналган марафонго даярдык башталды


Ала-Арча жаратылыш паркын байырлаган ак илбирс.
Ала-Арча жаратылыш паркын байырлаган ак илбирс.

Кыргызстандагы ак илбирстерди коргоого жана сактоого арналган кезектеги эл аралык жарым марафонго даярдык башталды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна иш-чараны уюштуруп жаткан Nomad Sport компаниясы билдирди.

“Үлгү бол!” деген ураан менен уюштурулган жарыш 26-сентябрда Бишкектин көчөлөрүндө өтөт, жалпысынан 70 байге даярдалууда.

Компаниянын өкүлү Айгерим Абакированын айтымында, 2019-жылы өткөн алгачкы марафондон түшкөн акчага жаныбарлардын жашоосуна байкоо жүргүзүп туруу үчүн 32 фото жабдык сатылып алынган:

“Биринчи максат – адамдарды чуркоого, дени сак болууга чакыруу. Экинчи жана башкы максат – марафондон түшкөн акчага бул жолу ак илбирсти коргоо менен алектенген “Ысык-Көл” биосфералык территориясынын дирекциясы үчүн эки “Нива” автомашинасын сатып берүү. Автоунаанын бул түрү жетүүгө оор болгон жерлерге айдап барганга ыңгайлуу”.

Жарышка катышууну каалагандар өзүнө 21, 14, 5 жана 1 чакырымдык дистанциянын арасынан каалаганын тандап алса болот. 100, 200 жана 500 метрлик аралыктагы жарышка 3-10 жаштагы балдар да катыша алат.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда болжол менен аска-тоолорду мекендеген 330дай ак илбирс бар. Жаратылышка зулумдук кылып, ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айып пул каралган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG