Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү


"Талибан" кыймылынын өкүлдөрүнүн жыйыны. 17-август, 2021-жыл. Кабул.
"Талибан" кыймылынын өкүлдөрүнүн жыйыны. 17-август, 2021-жыл. Кабул.

"Талибан" кыймылы Кабулду басып алгандан кийинки алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү. Анда кыймылдын өкүлдөрү башка террордук уюмдарга Ооганстанды колдонууга жол бербей турганын жана АКШ баштаган эл аралык күчтөргө иштеген оогандыктардан өч албастыгын билдиришти.

Уюмдун маалымат катчысы Забиулла Мужахид басма сөз жыйында аларга тышкы жана ички душмандар кереги жок экенин, аялдардын укуктары шариятка ылайык сакталарын айтты.

Жаңы өкмөт тууралуу суроого жооп берип жатып, талибдер мурдагы президент Хамид Карзай, «Хизб-и-Ислами» куралдуу тобунун башчысы Ульбудин Хекматияр жана Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла менен тыгыз байланышта болуп, өкмөт түзүүнүн үстүндө иштеп жатышканын маалымдады.

Анын айтымында «Талибан» ислам баалуулуктарын жогору койгон инклюзивдик өкмөттүн түзүлүшүн көздөйт.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. Азыр анын кайда экени белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG