Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Молдокматовдун оорусу, Атамбаевдин кайрылуусу


Камактагы саясатчылардын тарапкерлеринин акцияларынын бири. Бишкек.
Камактагы саясатчылардын тарапкерлеринин акцияларынын бири. Бишкек.

Абактагы саясатчы Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары ага операция керек болгонуна карабай, ооруканага которбой жатканын айтып чыгышты. Ал тапта башка иштер боюнча камалган саясатчылар жеке менчик ооруканаларга которулуп, айрымдары дарылануу үчүн чет өлкөгө да чыгып кетишти. 

Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Таалатбек Масадыков менен атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин камактагы саясатчылар тууралуу эки ача пикири Кыргызстандагы саясий туткундар тууралуу маселени козгоду.

Саясатчы Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары ал тез арада операцияга муктаж экенин айтып чыкты. Жардамчысы Эрлан Бекчоро уулунун айтуусунда, анын жүрөгү ооруп жатат жана операцияга муктаж.

“Жеңиш Молдокматов 12 күн ачкачылык кармагандан кийин эски оорулары дагы козголгон. Муну Кардиологиялык борбордун дарыгерлери дагы тастыктап, атайын корутундусун жазып берген. Бирок №1 тергөө абагы болсо жөн гана бизде дарыланса болот деп ооруканага которбой жатат. Азыр Молдокматовду тез арада операция кылыш керек”.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жеңиш Молдокматов тууралуу маалымат берген жок.

Саясатчы 2020-жылы 5-6-октябрда "башаламандык уюштурган" деген айып менен камалган. Кийин ага 9-октябрдагы башаламандык боюнча дагы кылмыш иши козголгон. Молдокматов октябрь окуяларынын катышуучуларына бирдей мамиле кылууну талап кылып, 12 күн ачкачылык кармады.

"Саясий талааны тазалоо аракети"

Октябрь окуяларындагы тополоң учурунда абактан чыккан саясатчы Равшан Жээнбеков кайрадан тергөө абагына киргизилди. Жээнбеков 2019-жылы 7-августта болгон Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда камалган.

Жээнбеков кайрадан камалышын бийликтин "саясий талааны тазалоо" аракети деп баалады.

Равшан Жээнбеков: менин камалышым - саясий куугунтук
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

“Адилет” укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова Кыргызстанда акыркы убакта "саясий туткундар" көбөйгөнүн айтат.

Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

“Кыргызстанда саясий туткундар бар экени анык. Акыркы убакта саясий туткундар көбөйдү. Чоң шайлоонун астында саясий талааны тазалоо бизде салтка айланган. Атаандаштык жараткан, сөз айта алган саясатчынын баарын тазалап жатышат. Биринчи себеп, быйыл өтчү парламенттик шайлоо. Экинчи себеп, президенттин, бийликтин рейтинги өтө тездик менен төмөндөп баратышы. Бийлик “Кумтөр ишин” дагы саясий талааны тазалоого пайдаланып баштады. Анткени 30 жылдык тарыхта Кумтөргө тиешеси жок саясий элитадагы адамды табуу кыйын. Баарына иш козгоп өздөрү гана калгысы келет. Эмнеге 2009-жылдагы чыккынчылык келишим үчүн эч ким камакка алынбайт?”.

Кыргызстанда учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев, Темир Сариев, экс-спикер жана депутат Асылбек Жээнбеков, саясатчылар Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Фарид Ниязов, депутат Төрөбай Зулпукаров жана башкалар Кумтөр иши, Кой-Таш окуясы, октябрь окуялары, жемкорлук жана башка кылмыш иштери боюнча камакта жатат. Мындан тышкары, бир канча мурда-кийин жогорку кызматта иштеген адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айрымдары үй камагына чыгарылган.

Масадыков менен Ташиевди айтыштырган маселе

Буга чейин камактагы саясатчылар тууралуу коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков маек берип жатып айткан эле. Ал камактагыларды "саясий туткундар" катары белгилеп, бирок конкреттүү фамилияларды атаган эмес.

Камчыбек Ташиев жетектеген атайын кызмат Масадыковдун "саясий туткундар" тууралуу айтканын кескин четке кагып, Масадыков "мамлекет башчыга акыл үйрөтүүгө укугу жок" деп билдирүү тараткан.

"Бүгүнкү күнү бизде саясий туткундар жок, кылмыш кылганы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылып жаткандар бар. Аларды айрым күчтөр саясий куугунтукка кабылгандар деп бурмалоого аракеттенип жүрөт. Учурда коомчулук өлкөдө коррупциялык көрүнүш, анын ичинде саясий коррупция менен күрөш жүрүп жатканына ишене баштады" деп жазылган атайын кызматтын жообунда.

Саясат талдоочу Айданбек Акматовдун пикиринде, акыркы убактагы камоолордун мыйзамдуулугу бир топ суроолорду жаратат.

“Атайын кызматтын башчысы менен Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары айтышканга чейин эле саясий куугунтук болуп жатат, анын курмандыгы Жеңиш Молдокматов жана башкалар деп айтып келгенбиз. Масадыков менен Ташиев ич ара келишпестиктен, бийлик талашып айтышып жатат. Саясий куугунтук болуп жатат. Анын ачык көрүнүшү Жеңиш Молдокматовдун, Равшан Жээнбековдун камалышы. Бийликке таянып алып кимди кааласам камайм, кимди кааласам чыгарам деген саясат. "Кумтөр иши" боюнча Өмүрбек Бабановго чоң айыптарды коюп, аны бошотуп жиберип эми Темир Сариевди камады. Ал комиссиянын төрагасы болсо чечимдерди ким кабыл алган? Баш мыйзамда депутаттарды парламенттин макулдугу менен камайт деп турат. Ага карабай эле каалаганын камап жатат. Кыскасы, “кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп жатат".

Жакында абакта отурган саясатчылар менен Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жолугуп чыккан. Акыйкатчы Токон Мамытов №47 колонияда отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге өзү жолугушкан.

Акыйкатчы жакында абакта отурган саясатчылар тууралуу атайын билдирүү жасай турганын айтты.

“Абакта отурган саясатчылар менен жолугуп чыктым. Бирок алар уруксат бербегендиктен жолугушуудагы сөздөрдү айта албайм. Саясий куугунтук же куугунтук эмес деп азыр эч кимди айта албайбыз. Акыйкатчы институтунун юристти абакта саясатчылардын арызы, билдирүүлөрү боюнча тиешелүү иштерди жасап жатат. Жакында билдирүү жасайбыз”.

Ал тапта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев президент Садыр Жапаровго, коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге “Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу кайрылуу жолдоду.

Ал бийлик Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовду түрмөдөн чыгарбай турганын билерин, бирок Жеңиш Молдокматов, Айбек Калиев, Абдил Сегизбаев, Равшан Жээнбековду чыгарууну суранган.

Сеид Атамбаев
Сеид Атамбаев

“Алар болгону чындыкты ачык айтышкан. Чындыкты ачык айткан киши эч качан артыңдан бычак сайбайт. Бул балдар камалса да башка лидерлер чыга берет. Муну моюнга алыш керек. Бул жалган дүйнө бир орунда турбайт экен. Акырындык менен убакыт өтө берет. Бирок тарыхта калам десеңиздер айкөл, адилеттүү болуңуздар”, - деген Сеид Атамбаев.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев сот иштери анын ден соолугуна байланыштуу дайындалган соттук-медициналык экспертизанын айынан төрт айдан бери токтоп турганын 13-августта “Азаттыкка” билдирген.

Коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев саясий куугунтук болуп жатат деген пикирлерге кошулбайт.

Мурат Жетимишбаев
Мурат Жетимишбаев

“Ким камалса эле саясий куугунтук деп айтуу өзүн актоонун жолуна айланган. Акыркы убактагы күчтүү камоолор болду. Убагында мамлекет үчүн өрттөнөм, күйөм дегендер камалып жатат. Артында калбыры бар үчүн камалышты. Азыр тергөө жүрүп жатат. Сотко чейин сабыр кылып туруш керек. Ага чейин туугандарынын кыйкырып чыкканын туура эмес көрөм. Жеңиш Молдокматовду жакшы тааныйм. Октябрдагы окуяларда эмнеге аларга кошулуп алдың деп өзүнө дагы айткам".

Учурда бир топ саясатчы Кумтөр иши, Кой-Таш окуясы, октябрь окуялары, жемкорлук жана башка кылмыш иштери боюнча камакта жатат. Көпчүлүгү жеке менчик ооруканаларга которулуп дарыланууда. Мындан тышкары, бир канча мурда-кийин жогорку кызматта иштеген адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айрымдары үй камагына чыгарылган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG