Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:46

Адвокат: Атамбаевдин саламаттыгы боюнча экспертиза создугуп жатат


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сот иштери анын саламаттыгына байланыштуу дайындалган соттук-медициналык экспертизанын айынан төрт айдан бери токтоп турат. Бул тууралуу 13-августта “Азаттык” радиосуна адвокат Замир Жоошев билдирди.

Жактоочунун айтымында, мыйзам боюнча, экспертиза бир ай ичинде жыйынтыкталышы керек болчу:

"Менимче, Саламаттык сактоо министрлиги жана анын эксперттери өзүнө жоопкерчилик алып, “ооруп жатат” деп, же “ооруган жок” деп айта албай жатат. Эки жума мурда ошол эксперттер “бизге айрым документтерди бергиле” деп кайра соттун өзүнө жүктөп койду жоопкерчиликти. А сот жасай албайт, ошентип, баарын №47 колониянын дарыгерлерине багыттап салды. Алар “ал биздин ыйгарым укуктарыбызга кирбейт” деген жообун айтып жатышат. Чындыгында корутундуну алар бере албайт, ыйгарым укуктарына кирбейт. Аны Саламаттык сактоо министрлиги жасашы керек".

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги адвокаттын айткандары боюнча азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев Бишкектеги № 47 колонияда отурат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. Иштер Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

Адвокаттары Атамбаевге омурткасынан операция жасалышы керектигин, жүрөгүн да дарылоо зарылдыгын, мындай медициналык жардамды ал колония шартында ала албасын айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG