Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:58

"Телефон террорчусу" деп шектелген келин камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте “телефон террорчусу” деп шектелген келин камакка алынды. Бул тууралуу 13-августта “Азаттык” радиосуна Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал 10 күн борбор калаанын №1 тергөө абагында кармалмай болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 9-августта Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборуна бомба коюлганы тууралуу жалган маалыматты таратууга шектүү катары Сокулук районунун тургунун кармаганын билдирген. 27 жаштагы келин аталган соода борборунда ижарага орун алып иштетип жаткан күйөөсү менен таарыныша кетип, имараттын ичинде бомба бар экени жана адамдар барымтага алынганы жөнүндө жалган маалымат таратууга шектелип жатканы маалымдалган. Факт Жазык кодексинин “Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо” деген 246-беренесинин негизинде каттоого алынган.

“Телефон террорчусу” экени сотто такталган адам үч жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Кылмыштын мындай түрүнө барган адамдар колго түшүрүлгөн учурлар Бишкекте, анын ичинде “Айчүрөктө” буга чейин да бир нече жолу катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG