Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Президент ишкерлерди милицияга текшертүүгө каршы экенин билдирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров милиция кызматкерлерине ишкер чарбаларды текшерүү укугун берүүгө каршы пикирин билдирди. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, ички иштер органдарынын кызматкерлери ишкердик субъектилердин ишине эч кандай кийлигишпеши керек. Аймактык милиция кызматкерлери өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин - коомдук тартипти коргоо жана ага бөлүнгөн аймакта кылмыштын алдын алуу боюнча иштерди аткарууга милдеттүү.

Президент азыркы учурда өлкөдө текшерүүлөрдүн азайышы жана инвестицияларды тартуу менен ишкердик кылууга жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.

Экономика жана финансы министрлиги 15-июлда Ички иштер министрлигине Мамлекеттик салык кызматы жана башка кызыкдар органдар менен чогуу мекеме аралык жумуш тобун түзүүнү жана нормативдик-укуктук актыны иштеп чыгууну буюрган. Бул үчүн бир айлык убакыт берилген. Жумуш тобунун биринчи отуруму 4-августта өткөн.

Жаңы мыйзам долбоору участкалык милиция кызматкерлерине экономика чөйрөсүндөгү (лицензия, уруксат кагаздары жана башка багыттагы) мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыйгарым укуктарын берүүнү көздөйт. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG