Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

Кыргызстан Казакстандан бул өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөрдү тез арада алып салууну өтүндү


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Кыргызстан Казакстандан бул өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөрдү тез арада алып салууну өтүнөт. Бул тууралуу 12-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушууда билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чектөө алынса кыргыз жарандарынын Казакстандын аймагына кирип-чыгуусу, машиналардын каттоосу жеңилдейт эле.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу казак тарап 2020-жылдын жаз айларында жапкан чек араларын ача элек. Бул өлкөнүн аймагына азыр учак аркылуу гана кирүүгө болот. Автомашина менен кирүү үчүн өзүнчө уруксат талап кылынат.

Кыргызстан да, Казакстан да Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) тең укуктуу мүчөсү. Бул уюм 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы Армения менен Кыргызстан кошулган.

ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирген. Казак тарап атайылап тоскоолдук жаратпаганын айтып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG