Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:12

Президент мектепке ата-энеден акча чогултууга каршылыгын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров окуучунун ата-энесинен акча чогултуу демилгесине караманча каршы. Бул тууралуу 13-августта мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Өз билдирүүсүндө Султанбаев Билим берүү жана илим министрлигинин ата-энеден акча чогултуу демилгеси мамлекеттик саясаттын коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы негизги багыттарына каршы келерин белгиледи:

“Андан сырткары, буга окшогон кошумча төлөм механизми билим берүү тутумун жакшыртууга эч кандай реалдуу пайда алып келбейт. Ал тескерисинче, окуучулардын ата-энелерине жүктөлгөн оор жүк болуп калат. Мамлекет башчысы жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча жыйноолордун эч бирине жол берилбестигин бир нече ирет белгилеп өткөн. Мектептерде ар кандай максаттарга, ар кандай шылтоо менен акча жыйноого кескин түрдө тыюу салынышы керек”.

5-августта билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев ата-энелерден билим мекемелерине колдоо көрсөтүү максатында бир жылда бир жолу акча чогултуп туруу, мисалы, Бишкекте 1000 сомдон, башка аймактарда 800 сомдон алып туруу сунушу талкууга коюлганы жатканын айткан.

Ата-энеден акча чогултуу маселеси Кыргызстанда көп талкууланып, бирок чечилбей келе жаткан көйгөй. Бийлик мындайга жол берилбейт дегени менен, мисалы, Бишкекте ар бир мектепте жана бала бакчада ата-энеден мыйзамдуу түрдө ай сайын акча алып туруучу фонддор бар. Ал фонддон акча мугалимдин айлыгына кошумчага, кароолчуга, тазалоо каражаттарына жана башка муктаждыктарга бөлүнүп турат. Фонддун акчасы боюнча ачыктык жоктугун айткан ата-энелер бир жылдары Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акцияларын уюштуруп келишкен. Ал эми кээ бир мекемелердин кызматкерлери жумушу оор экенин, мамлекет төлөгөн айлык аз болгондуктан ата-энелер фондунун кошумча маянасы үчүн гана иштеп жүргөнүн билдиришкен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG