Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Токтогул суу сактагычында 11,922 млрд. куб метр суу бар


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

12-августка карата "Токтогул" суу сактагычында чогулган суунун көлөмү 11,922 млрд. куб метрге жетти.

"Электр станциялары” ишканасынын маалыматына караганда учурда агып кирген суунун көлөмү секундасына 482 куб метрди түзсө, секундасына кайра 436 куб метр суу агып чыгууда.

Былтыр 12-августта суу сактагычта 14,4 млрд. куб метр суу болгон.

Март айынын аягында "Токтогулда" суунун көлөмү 8 миллиард куб метрге чейин азайган. Аталган суу сактагычка 19,5 миллиард куб метрге чейин суу батат.

2007-2008-жылдары "Токтогулдагы" суу 7-8 миллиард куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG