Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Газниден качкан губернатор Кабулда камакка алынды


Мухаммад Давуд Лагмани. Газни провинциясынын губернатору.
Мухаммад Давуд Лагмани. Газни провинциясынын губернатору.

12-августта Талибан басып алган провинциянын борбору Газни шаарынан жан сакчыларынын коштоосунда Кабулга чыгып кеткен губернатор Дауд Лагманини келери менен Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгы камакка алды. Муну ооган өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү ырасташты.

Интернетке тараган видео тасмада Газни шаары алынган маалда губернатор Дауд Лагмани куралданган жаксакчылардын коштоосунда, бир канча автоунаалардын колоннасы менен талиб жоочулары көзөмөлдөгөн аймактар аркылуу Кабулга баратканы көрсөтүлгөн.

Социалдык тармактарда губернатордун Газни шаарын талибдерге алдырып коюп, өзү Кабулга кетип баратканы сынга алынган.

Ооганстандын Газни шаарын 12-августта талибдер басып алып, андагы өкмөттүк күчтөр чегингени кабарланган.

Бул калаа Кабул менен Кандагар шаарын бириктирген кан жолдун боюнда жайгашканы менен маанилүү. Газни баш калаа Кабулга 150 чакырымдай аралыкта турат.

Ушуну менен соңку бир апта ичинде талибдер онунчу провинциянын борборун ээлегени кабарланган болчу.

Айыгышкан салгылашуулар түштүктөгү Кандагар шаарында дагы уланып жатканы айтылган. Талибдер ал жактагы түрмөнү басып алып, камактагыларды бошотконун жарыялашты. Бул маалыматты Эл аралык жана стратегиялык иликтөөлөр борборунун вице-президенти Сет Жонс дагы ырастады.

"Алар түрмөлөрдү басып алып, камактагыларды өз катарына кошуу үчүн бошотушту. Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн курал-жарак сактаган кампаларына кирип барып, баарын алып кетишти. Айтайын дегеним, талибдер узак мөөнөттүк согушка даярданып, курал-жабдык, адам ресурсун топтоп жатышат".

Жоочулар ошондой эле түндүктөгү Кундуз жана Шеберген шаарларындагы аэропортторду өз карамагына алганын жар салышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG