Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Ооганстанда Талибан онунчу шаарды басып алды


Ооганстан. Талибан кыймылынын жоочулары Кабулдан анча алыс эмес Газни шаарынын көчөлөрүндө.
Ооганстан. Талибан кыймылынын жоочулары Кабулдан анча алыс эмес Газни шаарынын көчөлөрүндө.

Талибан кыймылы 12-августта Кабулга жакын Газни шаарын көзөмөлүнө алды. Муну менен соңку бир апта ичинде талибдер Ооганстандын 34 аймак борборунун ичинен онунчу провинциянын борборун ээледи.

АКШнын чалгын кызматынын маалыматына караганда, Талибан Кабулду жакынкы үч айдын ичинде басып алышы ыктымал.

Ооганстандын Газни шаарын талибдер басып алып, андагы өкмөттүк күчтөр чегингени кабарланды. Бул калаа Кабул менен Кандагар шаарын бириктирген кан жолдун боюнда жайгашканы менен маанилүү. Газни баш калаа Кабулга 150 чакырымдай аралыкта турат.

Айыгышкан салгылаштар өлкөнүн түштүгүндөгү жоочулардын очогу болгон Кандагарда дагы уланууда. Талибдер ал жактагы түрмөлөрдү басып алып, камактагылар бошотулганын жарыялашты.

Бул маалыматты Эл аралык жана стратегиялык иликтөөлөр борборунун вице-президенти Сет Жонс дагы ырастады.

"Алар түрмөлөрдү басып алып, камактагыларды өз катарына кошуу үчүн бошотушту. Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн курал-жарак сактаган кампаларына кирип барып, баарын алып кетишти. Айтайын дегеним, талибдер узак мөөнөттүк согушка даярданып, курал-жабдык, адам ресурсун топтоп жатышат", - деди Сет Жонс.

Жоочулар ошондой эле, түндүктөгү Кундуз жана Шеберген шаарларындагы аэропортторду өз карамагына алышканын жар салышты. Президент Ашраф Гани 11-августта армиянын штаб жетекчисин кызматтан алды. Ал ошондой эле Талибанга каршы жергиликтүү күчтөрдүн башын кошуу үчүн Балх провинциянын борбору Мазари-Шарифке барган.

Ооганстанда талибдердин чабуулдары 1-майдан тартып күч алды. Дал ошол күнү Кошмо Штаттар башында турган эл аралык коалиция өз күчтөрүн чыгара баштаган. Эл аралык күчтөр Ооганстандан ушул айдын соңунда толук чыгып кетери күтүлүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG