Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Кабулдун "Талибандын" колуна өтүп кетүү коркунучу айтылды


Ооганстандын баш калаасы Кабулдан 200 чакырым алыстыктагы Пули-Хумри шаары 11-августта "Талибанга" карады.
Ооганстандын баш калаасы Кабулдан 200 чакырым алыстыктагы Пули-Хумри шаары 11-августта "Талибанга" карады.

Талибдер Ооганстандын тогуз провинциясынын борборун алса, бир айда Кабулду курчоого алып, үч айдын ичинде анын кулай турганы айтылды. Мындай божомолду АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү америкалык чалгын кызматынын “Талибандын” аракеттерин талдаган отчетуна таянып, купуялуулук шартында билдирди.

Бирок ал мындай божомолду эң акыркы жыйынтык катары кабыл албоо керектигин айтты. Ооган коопсуздук күчтөрү катуу каршылык көрсөтсө, жыйынтык балким, башкача болуп чыгышы мүмкүн экенин белгиледи.

Ал эми коопсуздук боюнча башка бир эксперт өлкөнүн ар кайсы аймагынан качкандар Кабулга топтолуп жатканын жана “Талибан” үчүн Кабулду алуу башка шаарлардагыдай оңой болбой турганын белгиледи. Ошондуктан Кабулду камалап, курчап, басып алуу бир топ татаал болот.

Президент Ашраф Гани 11-августта Мазари-Шарифке барардын алдында талибдер Ооганстандын түндүгүндөгү эки провинциянын борбору – Файзабад менен Пули-Хумри шаарларын басып алышты.

Ошону менен “Талибан” өлкөнүн 34 аймактык борборунун тогузуна көзөмөл орнотту. Талибдер тездик менен чабуул коюп, Кундуз, Сар-и Пүл, Талокан, Заранж жана Шеберган шаарларына басып кирген болчу.

Ошол эле кезде эл аралык байкоочулар тарабынан Ооганстандын 85% аймагы талибдердин көзөмөлүнө өткөнү тууралуу карама-каршылыктуу маалыматтар чыгууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG