Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Камчатка: тик учак кулап, сегиз киши каза болду


Камчаткадагы тик учак кулаган район. Курил көлүнүн жээги. 12-август, 2021-жыл.
Камчаткадагы тик учак кулаган район. Курил көлүнүн жээги. 12-август, 2021-жыл.

Орусиянын Камчатка жарым аралында "Витязь-Аэро" компаниясына таандык Ми-8 тик учагы туристтерди ташып баратып кыйроого учурады. Анын ичиндеги он алты адамдан сегизи каза таап, калганы тирүү калды.

Туристтердин көпчүлүгү Москва менен Петербургдан барышкан. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгы кабарлады.

Бортто 13 жүргүнчү, арасында жаш бала жана экипаждын үч мүчөсү болгон. Тик учак Курил көлүнө кулап түшүп, жүз метрдей терең чөккөн.

Бул окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары иштеп жатканы айтылды.

Тергөө комитети аба транспортунун коопсуздук эрежелерин бузуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тик учактын кыйроосуна аба-ырайы кескин өзгөрүп, коюу туман капташы себеп болгону белгиленди. Ошондой эле кыймылдаткыч иштебей калып, тик учакты кондурууда катачылык кеткен деген версиялар дагы каралып жатат.

Кулап түшкөн Ми-8 тик учагынын иштегенине 40 жыл болгон. 2020-жылы аны капиталдык оңдоодон өткөрүшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG