Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:20

Ооган президенти Ашраф Гани шашылыш Мазари-Шарифке келди


Ооганстан. Президент Ашраф Гани Мазари-Шарифке учуп келди. 11-август, 2021-жыл.
Ооганстан. Президент Ашраф Гани Мазари-Шарифке учуп келди. 11-август, 2021-жыл.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Балх провинциясынын борбору Мазари-Шарифте Түндүк альянстын лидерлери Абдирашид Дустум жана Атом Мухаммад Нури менен жолугушат. Ашраф Ганинин бул жолугушуусу «Талибан» кыймылы өлкө түндүгүндөгү Бадахшан жана Баглан провинцияларынын борборлорун басып алган учурга туура келди.

"Азаттыктын" ооган кызматынын маалымдашынча, президент Ашраф Гани аскер башчыларын жыйнап, жергиликтүү лидерлер Абдирашид Дустум жана Атом Мухаммад Нури менен талибдерге каршы аракеттер боюнча сүйлөшө турганы мерчемделүүдө. Анда Абдирашид Дустум өкмөттүк аскерлер менен бирге "Талибанга" каршы топтордун башын бириктирген өлкө түндүгүндөгү куралдуу күчтөрдүн коргонуу штабынын башчылыгына дайындалышы күтүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттыктын» ооган кызматы өз булактарына таянып, маалымат таратты.

Президент Ашраф Гани Мазари-Шарифке барардын алдында талибдер Ооганстандын түндүгүндөгү эки провинциянын борборлору – Файзабад менен Пули-Хумри шаарларын басып алышты. Ошону менен “Талибан” өлкөнүн 34 аймактык борборунун тогузуна көзөмөл орнотту. Талибдер тездик менен чабуул коюп, Кундуз, Сар-э Поль, Талокан, Заранж, Шеберган шаарларына басып кирген болчу.

Ал эми талибдерге каршы талаа командирлеринин таянычы болгон Мазари-Шариф алынса, анда өкмөттүк күчтөр өлкө түндүгүндөгү көзөмөлүн толук жоготмок. Ошондуктан Ашраф Гани Түндүк альянстын лидерлери болгон өзбек тектүү Абдирашид Дустум жана тажик тектүү Атом Мухаммад Нури менен сүйлөшүп, токтоосуз чараларды көрүүгө бара турганы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG